Лас-Вегастагы трагедия: Эмнеге Паддокту террорист деп атабай жатышат?

Стивен Паддок Лас-Вегастагы музыкалык фестивалга келгендерге ок чыгарып, 59 киши каза тапты.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Стивен Паддок Лас-Вегастагы музыкалык фестивалга келгендерге ок чыгарып, 59 киши каза тапты.
Published

59 кишинин өмүрүн алган Лас-Вегастагы трагедиядан кийин интернетте мындай массалык кан төгүүгө барган кишини эмнеге террорист деп таанылбай жатат деген катуу талкуулар дүрт алды.

Жаңылыктар агентиктери жана ММКлар 64 жаштагы Паддок тууралуу кабарларды таратып жатканда бир да жолу «террорист» деген сөздү колдонушкан жок. Аны ар кандай атап жатышты, мисалы «ок аткан киши», «мурунку бухалтер», «жалгыз бөрү» сыяктуу.

Анын террордук уюмдар менен байланышта болгонуна далилдер табылган жок. Ошол эле учурда психикалык дарты бар экени да аныкталбады.

Көпчүлүк интернет колдонуучулар социалдык тармактарда эгерде Паддок мусулман болгондо, аны ошол эле замат «террорист» деп атап, экстремисттик топтордун бирине мүчө кыла салышмак деген пикирлер айтылууда.

Белгилүү, элге таанылган кишилер, теле жылдыздар, окумуштуулар Лас-Вегастагы окуяда эмнеге «террорист» деген термин колдонулбаганын талкуулап жатышат.

Невада штатынын мыйзамдары боюнча террористтик акт деп эсептелген кылмыштар мындайча мүнөздөлөт: «Жарандын өлүмүнө алып келген же денесине оор жаракат келтирген зомбулук менен коштолгон ар кандай аракет».

АКШнын федералдык деңгээлдеги мыйзамында «ички терроризм» аракети үч критерийге жооп бериши керек: өлкөнүн жана штаттын мыйзамдарын бузуу, адам өмүрүнө коркунуч жаратуу; жөнөкөй жаранды же бийлик өкүлүн мажбурлап коркутуу. Федералдык чалгындоо бюросунун аныктамасына дагы көз чаптыра кетсек, теракт катары табууда «жөнөкөй жаранды же бийлик өкүлүн мажбурлап коркутууну саясый жана коомдук максаттар үчүн пландап жүргүзгөнү» эске алынат.

Дал ушул элемент сыягы түпкү негизи болсо керек: Массалык кыргын салуу үчүн чабуул жасалып жатабы, мунун менен кол салып жаткан киши өкмөткө кандайдыр бир таасир этүүгө аракет кылдыбы, же бир идеологияны жылдырып жатабы?

Мунун тегерегинде ачуу пикирлер, талашып-тартышуулардын эпкини социалдык тармактарда басыла элек.

Би-би-сиде «террорист» жана «терроризм» сөзүн колдонууда так карманганэрежелер бар.

Би-би-синин редакциялык эрежелеринде мынтип айтылат:

«Террорист же террордук актыны так көрсөткөн аныктама жок. Бул сөз көп учурда баа берген ой жүгүртүүнү чагылдырат. Ошондуктан биз кимдир бирөөнү сөсмө-сөз келтиргенде «террорист» деген сөздү алмаштыруунун кажети жок. Бирок өзүбүз аны колдонуудан оолак болгонубуз жакшы».

«Бул биздин кайсыл бир реалдуулукту жана анын жаман кесепеттерин сүрөттөдөн качуу дегенге жатпайт. Анын ордуна биз бул сөздү колдонуу журналистиканын обьективдүү болушуна умтулган репутациябызга кандай таасирин этерин эске алышыбыз керек».

Паддокту эмне үчүн террорист деп аташкан жок деп бийликке жана ММКларга айтылып жаткан көптөгөн пикирлердин арасында, эмнеге мындай болуп жатат дегенди түшүнүүгө аракет кылган үндөр дагы болду. (AbA)