Нобелдин тынчтык сыйлыгы эл аралык кыймылга ыйгарылды

Женевада жайгашкан Ɵзөктүк куралды жок кылуу боюнча эл аралык кыймыл деп аталган уюм
Published

2017-жылдагы Нобелдин Тынчтык сыйлыгы жылы өзөктүк куралды жок кылууга чакырган эл аралык кыймылга ыйгарылды. Аталган уюм абройлуу сыйлыкка өзөктүк куралды колдонуунун гуманитардык кырсыктуу кесепеттерине эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурган ишмердиги үчүн татыктуу болду.

Норвегиянын Нобель комитети өзөктүк куралды бара-бара жок кылуу боюнча эл аралык деңгээлде болгон уюштуруу иштерин жогору баалады жана бул максаттагы сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө чакырды. Ошондой эле комитет өзөктүк куралга тыюу салуу боюнча эл аралык уюму жарандык коомдун өзөктүк куралга тыюу салууга умтулган иш-аракетинин эң алдында эл аралык укуктун чегинде иш алпарганын баса белгиледи.

Нобел сыйлыгын ыйгаруу комитетинин төрагасы Берит Рейс Андерсен Осло сүйлөгөн сөзүндө өзөктүк курал коркунучу азыркы учурда абдан актуалдашып турганын баса белгиледи.

"Ɵзөктүк куралдан баш тартуу эч качан эскирген көйгөй болгон эмес. Мен 1946-жылдагы БУУнун резолюциясын таап алдын сыздым. Бирок дүйнөдөгү көп элдин ичинде дүйнө бир топ эле кооптуу болуп калды деген пикир кеңири жайылган. Биз өзөктүк кагылышуу коркунучу жакындаткан тенденцияны көрүп турабыз",-деди Берит Андерсен.

Женевада жайгашкан Ɵзөктүк куралды жок кылуу боюнча эл аралык кыймыл деп аталган уюм эл аралык деңгээлде өзөктүк куралга тыюу салуу боюнча иш жүргүзүп, өзөктүк куралга ээ өлкөлөрдү бул куралды жок кылууга үндөп келатат.

Аталган уюмдун эң башкы эмгеги катары 2017-жылы 7-июлда БУУ кабыл алган өзөктүк куралга тыюу салуу боюнча келишимди айтсак болот. Аталган уюмдун аткаруучу директору Беатрис Фин бул сыйлык абдан чоң дем берерин, бирок алдыда дагы көп иш бар экенин билдирди.

Нобелдин Тынчтык сыйлыгы Альфред Нобелдин өзүнүн керээзи боюнча "дүйнөдөгү элдерди бириктирүү жана армиялардын санын азайтуу иштеринде өзгөчө чоң салым кошкон, ошондой эле тынчтык жыйындарын өткөрүп, ага орчундуу көңүл бургандарга" ыйгарылууга тийиш. (KC)