Алтын чачкан нейтрон жылдыздар
Published
Окумуштуулар биринчи жолу нейтрон жылдыздардын кагышуусунан пайда болгон гравитациялык толкундарды каттоого алышты. Бул кагышуу галактикада 130 млн жыл мурда болгон. Окумуштуулар нейтрон жылдыздар кагышканда болгон жарылуудан алтын жана платиналар пайда болот деп жатышат.