Эмне үчүн достуктун үзүлүшүнө жол берүү жаман эмес
Брайан Лафкин

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Коронавирустун дүйнөгө кулач жайганынын кесепетинен, достор, тааныш-курбулар, ашыналар менен байланышыбыз үзүлүп калды. Мындай кырдаал ыңгайсыз сезилиши мүмкүн, бирок чындыгында мурда болгон ар бир мамилеңизди кайра жандандырууга милдеттүү эмессиз.
Эгер сиз COVID-19 илдетине каршы эмдөөдөн өтүп, нормалдуу дүйнөгө кайтып келсеңиз, сиз бир нерсени түшүнгөн болушуңуз мүмкүн: бир жарым жылдан бери сүйлөшпөй калган адамдарыңыз көп экен.
Андан соң сиз дагы бир нерсени, балким, сиз бул кырдаалды ошол бойдон эле калтыргыңыз келерин түшүнгөндүрсүз.
Көпчүлүгүбүз пандемияга чейинки коомдук жашообузга кайра кайтып, азыр аны кайра калыбына келтире баштаган чагыбыз. Биз биринчи жолуккубуз келген адамдар ким экенин түшүнгөндөн кийин, пандемия учурунда үзүлүп калган "пандемияга чейинки" ашыналыктар бар экенин да түшүндүк — эми азыр аларды кайра калыбына келтирүүгө өтө деле кызыктар эмес экенбиз.
Бул мамилелердин мурункудай болуп кайра тутанбай жатканына өзүбүздү күнөөлүү сезишибиз керекпи?
Адамзатка илгертеден бери маалым болгондой, достук куруу ден-соолугубуз үчүн пайдалуу экенин билгенибиз менен, эксперттердин айтымында, убакыттын өтүшү менен ашыналар, ал тургай достор да алыстап кетиши табигый көрүнүш жана бул үчүн өзүңүздү күнөөлүү сезбешиңиз керек. Эгер чындап эле кимдир-бирөөнү сагынсаңыз, кайсыл гана убакыт болбосун, ага кайрылып келе аласыз. Бирок, эгер сиз өзүңүздү милдеттүү сезсеңиз же бул кырдаалды эмоциялык жүк катары кабыл алсаңыз, анда муну ошол адамды бош коё бере аласыз деген белги катары кабыл алыңыз.
Ички сезимиңиз
"Пандемия учурунда сиз кабарлашып турбаган досуңуз болсо — эгер сиз бул адамдын ал-акыбалын билүүнүн зарылдыгын сезбесеңиз жана ал да сиздин ал-акыбалыңызды сурап коюуга жарабаса, анда өзүңүзгө сүйлөп жаткан ички туюмуңузга кулак салыңыз”, - деп, Түндүк Иллинойс университетинин Психологиялык кеңеш-көмөк берүү боюнча профессору, Сүзанна Деггес-Уайт айтат. “Ар бир достук түбөлүктүү боло бербейт. Бул турмуштун чындыгы”.
Сан-Францискодо жашаган жазуучу жана спикер, достук мамилелер боюнча адистешкен Шаста Нелсон "мамилелер жашообузда бар болуп жана жоголуп турганы нормалдуу көрүнүш" деп, жогорудагы пикирге кошулат. Жашооңуздагы жагдайлар өзгөргөндө жаңы мамилелерди баштайсыз, мисалы, бир шаардан башка шаарга көчсөңүз же жумушуңузду алмаштырсаңыз, сиз мурдагы ар бир досуңуз менен мамилеңизди уланта албайсыз. Мындай турмуштук өзгөрүүлөр жоро-жолдоштуруңузду, достук мамиледеги болгон байланыштарыңызды өзгөртөт, анткени сиз убактыңызды чогуу өткөргүңүз келген адамдарга кайра башынан артыкчылык берип чыгышыңыз керек болот.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Пандемия биздин турмуштук жагдайларыбыз жоро-жолдошторубузду, дос-курбуларыбызды кантип кайрадан түзгөнүбүздүн эң сонун үлгүсү. 2020-жылы биз бири-бирибизден түздөн-түз алыс болууга, обочолонууга аргасыз болдук. Деггес-Уайттын айтымында, бул кырдаал тандамал "пандемия топчолордун" пайда болушуна алып келди. Сиз бул тар чөйрөңүздүн, "катыш тобуңуздун" бир мүчөсү болгон, сизге окшоп ден-соолукка сактык чараларын көргөн үй-бүлө мүчөлөрү жана жакын досторуңуз менен гана карым-катышыңызды уланттыңыз. Бизге бул тар чөйрөгө кимди кошсо болор-болбосун тандашыбыз керек болуп калды. Биз күтпөгөн жерден пандемияга чейинки жашообуздагы адамдардын бардыгын мурункудай көрө албай калдык.
Биздин башка адамдар менен байланышта болуп, алака түзгөнгө өтө көп мүмкүнчүлүгубуз бар болчу. Пандемия шарттары биз катышып жүргөн ашыналарыбызды кыскартууга себепкер болду. Бул “катыш тобунун” сыртындагы адамдар менен бирге болуу кошумча күчтү талап кылган үчүн, биз эшиктердин туткаларын дезинфекциялап, жан далбастап даарат кагазын издеп таппай убара болуп жатканда, биз мурда баарлашкан ар бир адам менен тыгыз байланышта болуп, жандуу мамиле түзгөнгө эмоциялык мүмкүнчүлүгүбүз болгон жок.
Эми кайра байланышууга мүмкүнчүлүк болгондон кийин, биз сүйлөшпөгөн кээ бир адамдарды сагынбаганыбызды байкай алабыз. Мунун баары сиз эмне үчүн байланышууну каалабай жатканыңызды түшүндүрүүгө жардам берет жана айрым учурларда, эски досторуңуз жана тааныштарыңыз да сиздин ал-акыбалыңызды сурабай эле койсо экен деген ойдо болушуңуз мүмкүн.
“Достор топтомун” тандоо
Өзүңүздүн катышкыңыз келген чөйрөңүзгө кимдер кирер-кирбесин тандап, ашыналарыңызды, жоро-жолдошторуңузду ылгап жатканда өзүңүздү күнөөлүү сезип жатсаңыз да, бул сөзсүз эле жаман нерсе эмес. Достор жана тааныштар топторун өз каалооңуз менен түзүүнүн мааниси чоң.
Сиз Деггес-Уайт "достор топтому" деген аталыш берген ишти жасап жатасыз: "ким бизге жакын, кимдин жанында болгубуз келет жана ким менен өзүбүздү курчагыбыз келет?" Сиздин достугуңуз жашоодогу белгилүү, конкреттүү кырдаалдарда өзгөрүшү мүмкүн – университетке же жайкы лагерге кеткенде же иштеген жумушуңузда жүргөндө – сиз көп учурда ошол учурдагы турмуштук кырдаалга ылайык жаңы достук мамилелерди кура баштайсыз. “Достук топтомуңузга” киргенге айланаңыздагы тааныштарыңыздын баары эле туура келе бербейт. Булардын баарын пандемия жана социалдык аралыкты кармоо убагында башыбыздан өткөрдүк. Деггес-Уайт: "Турмушта, биз белгилүү этаптарды жана жаш-курактын белгилүү баскычтарынан басып өткөн сайын талаптарыбыз өзгөрөт жана биз өзүбүзгө окшош адамдардын жанында болгубуз келет. Мунун айырмасы жок, ал ата-энең болушу мүмкүн, же мектептеги чогуу окуган курбуларың, классташтарың болушу мүмкүн" дейт Деггес-Уайт.
- Жашооңуздагы жагдайлар өзгөргөндө, өзгөчө жашооңузга жаңы мамилелерди кошкондо, ар бир досуңуз менен мамилени мурдакыдай калтыруу мүмкүн эмес.
"Пандемия көп нерсени өз ордуна койду", дейт Деггес-Уайт. “Бул бизге кимдерди жакын деп эсептей турганыбызды, бизге психологиялык жана физикалык жактан колдоо көрсөтө ала турган адамдарды көрсөттү.
Биздин досторубуз өмүрүбүздүн ар бир этабында алмашып тургандыктан, жашоо уланган сайын кээ бир адамдардан алыстап кетүү табигый нерсе. Ар бир адам менен байланышта боло албайбыз — ал тургай изилдөөлөр көрсөткөндөй, бардык досторуңузга жана тааныштарыңызга жетиштүү убакыт бөлүү мүмкүн эмес. "Энергиябызды кайда жумшашыбыз керегин туура баамдоо баарыбыз үчүн өтө маанилүү", дейт Нельсон.
“Досум, амансыңбы-барсыңбы?”
Кандай болсо да, алыстап калган досторуңуз менен карым-катнашты кайра куруу сиз үчүн кызыктуу болуп калса, мындай абалда кыраакы болуңуз, стратегиялык жактан ойлонуңуз.
Деггес-Уайттын пикиринде, биринчиден, жүрөгүңүз бул боюнча эмне деп айтып жатканын угуңуз. Эгер сиз кимдир-бирөөнү чын дилиңиз менен сагынып жатсаңыз, демек бул алака жанданууга татыктуу экендигинин белгиси.
Деггес-Уайттын ою боюнча, карым-катнашты кайра баштоо арзып-арзыбасын түшүнүү үчүн жакшы “лакмус кагаз” сынамыгы бар: эгер бүгүнтөн тарта сиз ошол киши менен ал-акыбал сурашпай калганыңар үчүн алты айдан кийин капа болосузбу? Эгер чын эле “ооба, капа болом” деп ойлосоңуз, анда аны менен байланышты калыбына келтирүүдөн уялбаңыз. Эгер, “жок, капа болбойм” десеңиз, бирок, кандайдыр бир деңгээлде өзүңүздү күнөөлүү деп сезсеңиз, анда Нелсондун айтымында муну моюнга алыңыз. Бирок, ошол эле кезде, “бул чыныгы күнөө сезими эмес, бул алакалар мындан ары уланбай кала турганына байланыштуу кайгыруу экенин баамдап түшүнүңүз”.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
“Карым-катнаштар — «же бүт баары, же эч нерсе эмес» дегенди түшүндүрбөйт”, — дейт Нелсон. Эгер сиз кимдир-бирөө менен чын жүрөктөн байланышты жандандыргыңыз келип, бирок арада ушунча көп убакыт өтүп кеткени үчүн өзүңүздү оңтойсуз сезип жатсаңыз, кепти төмөнкүдөй баштап көрсөңүз болот: “О Кудай, түйшүктөрдөн эми гана арылып, акыры башымды суудан алып чыккандай болдум. Соңку жылда сен жөнүндө абдан көп ойлондум, ортобузда байланыш үзүлүп калганына өкүнүчтөмүн. Сени сагынып жатканымды айткым келди. Убактың бар болсо, жолугуп, чогуу сейилдесек, жакшы болмок”.
“Жөн гана муну моюнга алып, “Кабарлашып, ал-акыбалыбызды сурашып турсак деген ойдомун, тилекке каршы, буга чейин андай кыла албадык” деп айтыңыз. Менин оюмча, ар бир киши муну түшүнөөр”, дейт Нелсон.
Көптөгөн кишилер пандемия маалында дагы бир абалга туш болушту — алар мурунку, көптөн бери кабарлашпай калган достору, мисалы жогорку окуу жайларда окуп жүргөн мезгилдеги курсташтары, группалаштары менен кайра жолугуп калышты. Көпчүлүк үчүн саламаттыгы начарлап калганда, эски достору менен кайра сүйлөшүү жакшы белектей болсо, сиз үчүн обочолонуу убагындагыдай туруктуу кат алышып, кабарлашып туруу бир аз зарыктыруучу сезилиши мүмкүн.
“Менин интернетте кат жазышуум өзүнөн-өзү эле жайлап калгансыйт”, — дейт Нелсон. Нелсон кабарлашып туруу үчүн эшиги ар дайым ачык экенин билдирип, ошол эле кезде, каттар мурункудай үзгүлтүксүз келбей турганын күтпөгөнүн ачык айткысы келет. “Мен жөн гана мындай дедим: “Көбүңөр чээнден чыккан суурдай болуп, Facebook’та активдүү болуп калганыңарды көрүп, абдан кубанып жатам. Силер жашоого кайтып келгениңер үчүн силерге эң жакшы нерселерди гана каалайм”.
Мен мурда болгондорду жогору баалайм жана мен үчүн ал күндөр абдан маанилүү болгонун ырастайм, муну билдирип жатып, “Келечекте сиз үчүн баары жакшы болсун” демекчимин”.
Пандемия биздин социализациябызды, карым-катнаштарга карата болгон мамилелерибизди түп-тамырынан өзгөрттү. Биз жашоонун жаңы фазасына өтүп, бул карым-катнаштардын көбүн кайрадан карап чыгып баштаганда, эксперттердин айтканы боюнча, биз үчүн курулган “көпүрөлөрдү” бузбай турганыбыз оң, бирок, өзүңүздү тааныган-билгендин баарын кайра өз жашооңузга кайра алып келүүгө милдеттүү болуп сезбеңиз. Пандемия учурунда достугуңуз, ашыналыгыңыз үзүлүп калды деп өзүңүздү жемелебеңиз — эксперттердин айтымында, адамдар өзүнө жана бири-бирине ырайымдуу болушу зарыл. Пандемия созулган 2 жыл биз үчүн чындыгында эле мурда болуп көрбөгөндөй, бөтөнчө өттү.
“Эгер сиз пандемия маалында такыр сүйлөшпөгөн бир досуңуз болуп, баары өз жайына өзүнөн-өзү эле келип калса, демек ага кабарыңыз, сиздин пикириңиз жетти. Ошол досуңуз сизге да кат жиберген болушу керек”, дейт Деггес-Уайт. (KGNE)





























