МЮ Видич менен коштошту

Published

Күндүн негизги спорт жаңылыктары

Футбол

"Манчестер Сити" дем алышта Премьер-лиганын титулуна жетиш үчүн бүгүн "Астон Вилла" менен болчу оюнда жыдыбашы керек.

Мындан тышкары бүгүн "Сандерленд" "Уэст Бромвичти" жеңип, премьер-лигада оордун бекемдеп алууга көздөп турат. Кечээ "Манчестер Юнайтед" өз талаасындагы соңку оюнда "Халлды" 3:1 эсебинде жеңди. Командадан кетип жаткан коргоочу Неманья Видич менен коштошушту жана жыйрмага чыга элек дебютант Жэймс Уилсон эки гол киргизди.

Бул сезондо англиялык "Фулхам" клубу Премьер-лигадан чыгып калышына Майкл Жэксондун эстелиги себеп болду деп маркум поп-жылдызынын досу Мохамед ал-Файед айтты.

Ал музыка легендасынын айкелин стадиондун сыртына тургуздурган. Өткөн жылы клубду сатып алган жаңы ээси эстеликти алдырып салат. Ошондон кийин анын командасы лигадан чыгып калган. Футбол музейинде сүйлөгөн сөзүндө Ал Файед бул эстелик жакшы тумар болчу деп айтты.

Усаин Болт

Дүйнөнүн эң тез күлүгү Усаин Болт Твиттердеги 3,3 миллион күйөрмандарынан Лондондогу үйүнөн уурдалып кеткен ботсыларын табышууга жардам сурады. Күлүктүн колу коюлуп 34 миң доллар деп бааланган ботсылар апрелдин аягында кайрымдуулук аукционуна коюлаарда жоголуп кеткен. Полиция иликтеп жатат. Олимп легендасы Лондонго башка бут кийимин жөнөтөөрүн Твитерге жазган.