Пеллегрини: биринчиликти бербейбиз

Сүрөттүн булагы, Getty
Күндүн негизги спорт жаңылыктары
Футбол
"Манчестер Ситинин" тренери Мануэль Пеллегрини, кийинки жылдары да биринчиликти бербейбиз деп билдирди.
Анын командасы соңку үч жылда экинчи жолу Англиянын премьер лигасын утуп алды. Алар "Вест Хамды" 2:0 менен жеңип, "Ливерпулду" экинчи орунга калтырды. Бүгүн команданын күйөрмандары жеңишти белгилөө үчүн Манчестерде жүрүшкө чыкканы жатат.
Формула-1
Мерседестин айдоочусу Нико Росберг, командалашы Льюис Хэмилтондун жеңишинен кийинки басымга багынбайм дейт.
Хэмилтондун испан гран-присиндеги жеңиши аны бул сезондогу тизмеде төртүнчү орунга, ал эми айдоочулардын чемпионатында болсо Росбергди артка калтырып, биринчи орунга чыгарды. Формула бирдин кийинки жарышы 25-майда Монакодо өтөт.
Теннис

Сүрөттүн булагы, Getty
Жапониялык Кей Нишикори үчүнчү айлампада жараатынан улам чарчап кетип, Мадрид Чемпионатын дүйнө биринчиси Рафаэль Надаль утуп алды.
Испаниялык теннисчи алдыда келаткан. Бирок аксаган Нишикори оюндан чыгууга мажбур болду. Эми Надаль төрт испан титулун утуп алуучу алгачкы теннисчи болуп калды. Аялдардын мелдешинде болсо, Мария Шарапова румыниялык Симона Хипти утуп, Мадриддеги алгачкы жеңишине жетти.

























