Луис Энрикес "Барселонаны" жетектеди

Сүрөттүн булагы, Getty
Күндүн негизги спорт жаңылыктары
Футбол
Луис Энрикес "Барселона" клубунун башкы тренери катары бекитилди. Ал эки жылдык келишимге кол койду.
"Барселонанын" мурунку оюнчусу 2008-2011 жылдарда клубдун Б командасын машыктырган. "Барселонанын мурунку тренери Херардо Мартино команда "Атлетико Мадридден" утулуп, Испан лигасында экинчи оорунду алгандан кийин кызматтан кетти.
"Манчестер Юнайтед"
"Манчестер Юнайтеддин" жаңы тренери Луи Ван Гал команданы кайрадан жеңишке жеткирем деп билдирди.
Бразилияга Дүйнөлүк чемпионатка атанаар алдында Голандиянын телеканалында сүйлөгөн Ван Гаал үч жылга "Юнайтеддин" тренери болуп дайындалган, ал дүйнөдөгү эң чоң клубка орноштум деп айтты.
Бразилия-2014
Дүнөлүк чемпионаттын үч жолку жеңүчүсү Пеле Бразилиядагы өкмөткө каршы демонстрация тууралуу ой бөлүштү.
Анын айтымында демонстрациялар мелдешке терс таасир бериши мүмкүн. Пеле көп чет өлкөлүктөр бул акыбалдан улам чемпионатка сапарын токтотконун жана айрым стадиондордун бүтө электиги аны капа кылганын белгиледи.

























