Чемпиондор лигасын ким утат?

Сүрөттүн булагы, AFP
Күндүн негизги спорт жаңылыктары
Футбол
Ишембиде Лиссабондо биринчи жолу бир эле шаардын эки футбол командасы чемпиондор лигасынын финалында беттешет.
"Реал Мадрид" командасы 10чу жолу чемпиондор лигасын утабыз деген үмүттө. Бул кубокту "Реал" акыркы жолу 2002 жылы уткан. Бирок бир жума мурун испан лигасын жеңген "Атлетико Мадрид" дагы чемпиондор лигасын биринчи жолу жеңебиз деп ишенип турат.
Луис Суарес
Луис Суарести травмага учураткан оюнчуга коркутуулар келип жатканы маалымдалды.
Уругвай фанаттары "Ньюкасл Юнайтеддин" коргоочусу Пол Дамметти опузалоодо. Алар Дамметтин айынан Суарес тизесине операция жасатты дешет. Уругвай расмийлери Суарес Дүйнөлүк футбол чемпионаты башталганча сакаят деп ишенет.
Формула-1
Нико Росберг, Льюис Хэмилтон менен чогуу Мерседес командасында калмак болду.
28 жаштагы Нико Росберг эки жылдык келишимге кол койду. 2014-сезондун биринчи мелдешин уткан Росберг жалпы эсеп боюнча экинчи орунда келет. Кечээ "Гран-при Монако" мелдеши алдындагы машыгууда жаан жаагандан улам Росберг жыйырманчы оорунду гана алган. Мелдеш жекшембиде өтөт.

























