Уильямс Франциянын ачык мелдешинен чыкты

Published

Күндүн негизги спорт жаңылыктары

Теннис

Франциянын ачык мелдешинде чемпиондугун коргойм деген Серена Уильямс испаниялык Гарбинье Мугурусага утулуп, оюндан чыгып калды. Чоң шлемдин 17 жолку чемпиону дүйнөдө 35-орунда турган 20 жаштагы теннисчи менен беттеште табына келе албай койду. Эми Мугуруса Серенанын эжеси Венус Уильямс жеңип алган словакиялык жаш теннисчи Анна Шмидлова менен ойнойт.

Футбол

"Тоттенхэм Хотспур" клубунун жаңы менеджери, 42 жаштагы Аргентиналык Марисио Почеттино команданын оюну чабуулга бай жана ийгиликтүү болот, деп убада кылды.

Ал премьер лигадагы клубду "тарыхы мыкты жана авройлуу" деп мүнөздөдү. Тим Шервуддун оордуна келген "Эспаньол" менен "Саутгемптондун" мурунку тренери "Тоттенхэмдын" 2001-жылдан берки онунчу менеджери болду.

Бразилия-2014

Бразилиядагы чемпионатка эки апта калганда, мелдеш өтчү шаарлардын бири - Манауста чукул кырдаал жарыяланды.

Расмийлер Рио Негро дайрасы шаарды күтүүсүз каптай турган болсо футбол кубогуна тоскоол келтирбөө үчүн жазалган алдын алуу чара деп билдиришти. Манаустун Арена Амазония стадионунда төрт матч өтөт.