Майдаланып баратабыз, өмүрдүн да бизге куну жок

Сүрөттүн булагы, Fahri Tarhan
Өлүмдү эстеткен бир учур ушул... пендең кургур топурак салганы мүрзөгө барганда бир саам болсо да ушуну ойлой калат эмеспи.
Жалгыз тайкебиз бир топ жыл мурун каза болгон. Тайенебиз жалгызын жоктоп, ботодой боздоп жүрдү. Тайкебиздин эки баласы эр жеткенде шүгүр кылып, кайгысын жутуп жашап калган эле. Суук кабар укканда алгач эле тайенемди эстедим. Кургур эми кантет экен, эми кантет экен деп буулдап жиберипмин. Ошол жалгызынан калган небереси асынып алыптыр. “Аялы менен араздашып жүрөт, баласын көргөзбөй жатыптыр” деп бир курдай кеп салган. Болгон себеби ошол экен. Сай сөөктү сыздаткан тайенемдин үнү көпкө чейин кулагыман кетпей жаман абалда жүрөм.
Эмнеге? Ким үчүн? Кантип? Ушул суроолорго жооп жок. Жооп болгончо канча жаш өмүрлөр өзүн өзү кыйып түшүүдө. “Мурда кандай эле, ач-жылаңач калган учурлар өткөн, согуштар өткөн, мындан оор, мындан миң эсе татаал кездер болгон” деп түтөдү токсонго чыгып калган аваларыбыздын бири. Унчукпадык, не дей алабыз. “Өмүрдөн өткөн баалуу эмнебиз бар. Ушул чечилбей калчу көйгөй беле? Өмүргө алмашчу нерсе ушулбу” деди бири, унчукпадык. “Мына менин агаларым кырчындай кезинде мекен үчүн деп согушта кырылды. Бактым бар экен мен аман жүрөм. Азыр тынч заманда өз жанын кыйат деген эмне деген кыямат” деди ардагер айылдын аксакалы. Унчукпадык, не дей алабыз.
Күйүт үстүндө алган аялына каргыш айтып, көзүн ойобуз дегенге чейин барышты. Анысы басып келген жок. Кантип келмек эле. “Экөөбүз мектепте сүйлөшүп жүргөнбүз. Бири-бирибизсиз жашай албайбыз” деп үйлөнүшкөн. Сүйүү деген ошол байчечекей куракта эле калган экен аппак болуп, кийин андай болбоптур. Жерге бердик, жайдары жүрчү, эми жок, эстесе энеси эстээр, анан унутулат. Кайран өмүрдү кудай эмнеге берди эле. Балалуу болгондо укмуш кубанган. Булар бизден мыкты болот дечү, бизден мыкты эле эмес, өмүрлүү, сабырдуу болсун...
Майдаланып баратабыз, өмүрдүн да бизге куну жок. Муну жазмак эмесмин, акыркы эле эки жылда мындай окуялардын көбүн көрүп калдым. Кенедей эле биздин айылда канча бүчүр алган өмүрлөр өз бутагын өзү кесип таштады. Бирөө сүйүү деп, бирөө куру намыс деп. А бирөөсү мектепти бүтөндүгүнүн он жылдыгына акча таба албай асынып алыптыр...
Сабырды унутуп бараткан экенбиз. Бейиши болгур чоң атам, “ачка болсоң шүгүр де, тирүү жүрөсүң, алты саның аман. Ток болсо тооба де, нанга жетпегендер канча” деп басса-турса кобуранып жүрчү. Каразгөйлүк, алдамчылык, шылуундук, деги койчу жаманы-жакшысы жуурулушкан тирүүлүктө бир чындык бар, ал-өлүм. Эрте-кечип ар бир кишинин башына келчү. Ага чейин сабыр, ыйман, шүгүрчүлүк.
А. Асан, Ош шаары
kyrgyz@bbc.co.uk

























