Шабдан баатырдын петициясы
Published
1905-жылы, июнь айында түндүк кыргыздардын лидери Шабдан Жантаев мусулман жыйындарын түзүү, медресе жана мектептерди ачып, балдарды эне тилинде окутуу, мыйзам чыгаруу органдарынын курамына түпкү улуттардын өкүлдөрүн киргизүү жөнүндө маселе коюп падыша Николай II петиция жөнөткөн.
“Тарых барагында” тарыхчы окумуштуулар Тынчтыкбек Чоротегин менен Кыяс Молдокасымов Шабдандын петициясына жана анын тарыхый маанисине токтолушат.