ЛОНДОН СҮЙЛӨЙТ Би-Би-Си радиосу
Published

-Кыргызстандын Коргонуу кеңеши өлкөдөгү диний кырдаалды кооптуу деп мүнөздөдү. Президент Алмазбек Атамбаев мамлекет дин тармагына кийлигишүүгө укуктуу деп билдирди.
-Аймак аралык бөлүнүүгө жол ачты деген дооматка кабылган Ош ТВнын жамааты нааразылык акциясына чыгышты. Бул окуя кайчы пикир, карама-каршы ойлор менен коштолууда.
-Кумтөр боюнча нааразылыктын чордонуна айланган Ысык-Көлдүн Саруу айылынын тургундары кайрадан жол тосушту.
-Таиландда нааразылыкка жана оппозициянын каршылыгына карабай, шайлоо өттү. Бирок бул шайлоо өлкөнү саясий кризистен чыгаараары бүдөмүк.