Лондон 2012: Маанилүү иш-чаралар

    • Author, Иан Вестбрук
    • Role, Би-Би-Си
  • Published

Көптөн күткөн 2012-жыл да кирип келди. Бирок ал эмнеси менен маанилүү?

Быйыл Олимпиада жана Паралимпиада оюндары Лондондо өтүп, Улуу Британиянын тарыхындагы маанилүү окуя болору айдан ачык. Бирок бул эки чоң спорттук оюндар гана 2012-жылдын маанилүү окуясы болуп чектелбейт.

Олимпиада оюндарынан тышкары Лондон менен Англиянын меймандары улуттук масштабдагы маданий иш чаралар жана Королеванын мааракесине күбө боло алышат.

Төмөндө олимпиада оюндары менен бирге боло турган маанилүү окуялардын тизмесин бермекчибиз.

Маданий олимпиада

Бул эмне? Олимпиада жана Паралимпиаданын тарыхындагы эң эле масштабдуу маданий иш чаралар.

Качан болот? 2012-жылдын ар кайсы айларында.

Эмнеси менен кызыктуу? Улуу Британиянын тарыхында бир жылдын ичинде мурда кийин мынчалык масштабдагы маданий иш чаралар эч качан болгон эмес. Олимпиаданын алкагында абдан көп маданий иш чаралар болот жана андан ар бир адам өзүнө кызыктуу нерсени таба алат.

Тини Темпах
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тини Темпах

Алардын эң маанилүүсү 23-апрелде баштала турган Дүйнөлүк Шекспир Фестивалы. Ага өлкө боюнча 70тен ашуун драма коюлуп, 37 чет элдик театрдын оюну “Глобус” театрында коюлат. Алардын ар бири ар башка тилде болот.

Искусство күйөрмандары үчүн Лондон Королдук Академиясында 21 январдан 9 апрелге чейин Дэвид Хокнейдин көргөзмөсү ачылат.

Ошондой эле музыка сүйүүчүлөрү Би-Би-Си Радио-1 тарабынан өткөрүлчү акысыз, жандуу музыкалык концертке катыша алышат. 10 миллион көрүүчү келе турган бул концерт 23-24-июнда болуп, анда Леона Люис, Тини Темпах, План Б, Флоренция сыяктуу атактуу топтор жана 100дөн ашуун атактуу ырчылар ырдайт.

Ошондой эле Лондон-2012 фестивалы да бир топ маданий иш чараларды өз ичине камтып, 21- июндан 9-сентябрга чейин болот.

Музыканын улуту

Бул эмне? Улуу Британия боюнча жандуу музыканын атайын күндөрү.

Качан болот? 3-4-мартта.

Эмнеси менен кызыктуу? Бул долбоор Би-Би-Си жана Олимпиада оюндарына жооптуу “Locog” тарабынан уюштурулуп, Англиянын таланттуу музыканттары катышат.

Би-Би-Си симфониялык оркестри
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Би-Би-Си симфониялык оркестри

Он беш топ долбоорго катышууга укук алып, ар кыл багыттагы музыкалык номерлерин көрсөтүшөт. Анда жандуу музыкалык увертюралар да бар.

Мындан тышкары жергиликтүү үч коомчулуктун хору менен мектеп окуучуларынан турган топтордун бийи Честер шаарынын борбордук аянтында болуп, Шеффилдде Кэмбридж камералык оркестри концерт койот.

Олимпиада отунун марафону

Бул эмне? Олимпиа отун көтөрүп чуркаган марафон Улуу Британия жана Ирландия боюнча 70 күндүн ичинде 1, 019 калктуу пунктту кыдырат.

Качан болот? Марафон 19-майда башталып, 27-июлда Олимпиаданын ачылышында отту тутандыруу менен аяктайт.

Эмнеси менен кызыктуу? Улуу Британиянын 95 пайызын 8 миң марафончу бул от менен кыдырып, ар бир киши отту 300 метрлик аралыкка алып чуркайт.

Олимпиа оту
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Олимпиа оту

Англиянын ар бир шаары менен калктуу пункттарынан тышкары Шотландия, Түндүк Ирландия жана Волсту да кыдырат. Бул марафонго олимпиада оюндары өтө турган 1 018 объект да кирет.

Айрым жерлерде Олимпиа отун дарыянын үстүнөн асма көпүрө менен алып өтүшүп, ал эми байыркы мунаралардан ылдыйды көздөй ыргытып, кызыктуу шоулар болот. Марафонду каалаган адам акысыз көрө алат. Жергиликтүү басма сөз тарабынан көчөлөрдү кыдырган от тууралуу кеңири маалымат берилет. Олимпиада отунун маршруту мурдатан эле белгиленип, кайсы күнү Англиянын кайсы жерине барары такталган.

Королеванын Жакут мааракеси

Бул эмне? Королева Елизаветанын такта отурганынын 60 жылдык Жакут мааракеси.

Качан болот? 2-5-июнь күндөрү Британия боюнча жайкы эс алуу жана кызыл күн катары жарыяланып, элдик майрамдоолор болот.

Эмнеси менен кызыктуу?Бул мааракеде ар кандай кызыктуу иш чаралардын сериясы пландалган. Алгач 3-июнда Королеванын миң кишилик кемеси Темза дарыясында жети жарым чакырымдык сапарга чыгып, Тоуер мунарасына барат.

Королева Елизавета
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Королева Елизавета

Бул сапарды музыканттар жана кызыктуу маданий иш чаралар коштойт. Андан кийин Баттерси паркында фестиваль өткөрүлүп, Темзанын жээгинде концерттер болот. Бул күнү борбордук Лондондогу коомдук транспорт акысыз болот.

Ошондой эле Улуу Британиянын ар кайсы жагынан топтолгон адамдардын “Улуу түштөнүү” деп аталган сый тамагына да катышууга болот.

Олимпиада оюндары

Бул эмне? Бул жөн гана дүйнөдөгү эң ири спорттук окуя.

Качан болот?27-июлдан 12-августка чейин.

Эмнеси менен кызыктуу? Анткени, 64 жылдан бери алгач ирээт Олимп оюндары Улуу Британияга кайтып келип отурат. Дүйнөнүн эң мыкты спортчулары таймашуу үчүн атайын курулган 32 имаратта (алардын 22си Лондондо, калганы чет жактарында) күч сынашышат.

Айрыкча, оюн ээси болуп жаткан Британия спортчулары жана алардын күйөрмандары менен бирге дүйнө жүзүнөн миңдеген көрармандар келишет. Уюштуруучулар Олимпиадага келген бардык адамдар баалуу эскермелерге ээ болуп кетет деген ишенимде.

Олимпиада
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Олимпиада

Оюндардын белеттери алда качан эле сатылып бүткөн, айрымдарын азыр да Интернеттен сатып алса болот.

Ал эми белети жоктор үчүн Британиянын бардык булуң-бурчуна чоң экрандуу түз эфирден көрсөтүүчү сыналгылар коюлуп, Интернеттен да түз эфирге жарыяланат.

Паралимпиада оту

Бул эмне? Мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар үчүн уюштурулган таймашуунун отун көтөрүү марафону Улуу Британиянын Сток Мандевилл аттуу жеринен башталат.

Качан болот? Паралимпиада отунун марафону 24-29-августта болуп өтөт.

Эмнеси менен кызыктуу? Паралимпиада отунун марафону Лондон, Бельфаст, Эдинбург, Кардифф сыяктуу чоң-чоң шаарлардан өтөт. Аны 580 марафончу ташып, Олимпиада өтө турган стадиондо Паралимпиада оюндарынын башталуусуна алып барат.

Паралимпиада оюндары

Паралимпиада оюндары
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Паралимпиада оюндары

Бул эмне? Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын спорттун айрым түрлөрү боюнча беттешүүсү.

Качан болот? 29-августтан 9-сентябрга чейин болот.

Эмнеси менен кызыктуу? Анткени Олимпиада оюндарындай эле бул таймашта да спортчулардын кызыктуу беттешүүлөрүн көрсө болот. Айрыкча Паралимпиада оюндары Британияда алгач ирээт өткөрүлгөнү менен маанилүү.

Бул оюндардын билеттери да өткөн жылдын соңку айларында эле сатылып бүттү. Дүйнө жүзүнөн келген 4 200 спортчу 20 түрлүү оюндарда ат салышат.