Кыргызстан Шериктештик кубогунда

Published
Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан Шериктештик кубогундагы беттешүүлөрүн жыйынтыктады. Кубокту жашыл талаанын ээлери Орусия утуп алды.
Финалда орустар Белоруссиянын үстүнөн 2:0 эсебинде жеңишке жетишкен. Украина 3-орун үчүн болгон беттешүүдө Латвияны 3:0 эсеби менен жер муштатты.
Кыргызстандык жаштар курмасынын жетишкендиктери оозго аларлык деп футбол билермандары жакшы баа берүүдө. Кыргыз жаштары 6 беттешүүнүн үчөөсүн уткан. Алар Тажикстан, Түркмөнстан жана Эстония. Акыркы беттешүүдө Эстониянын 2:0 эсебинде утуп алышты.
Жаштар курамасынын чабуулчуларынын бири Турсуналы Рустамов 5 голу менен эң мыкты чабуулчулардын катарын толуктап, 3-орунда аталды.

























