Борбордук Американы “Отто” бороону каптады

Бороон каптаган райондордо өзгөчө кырдаал абалы жарыяланды
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бороон каптаган райондордо өзгөчө кырдаал абалы жарыяланды
Published

“Отто” бороону Борбордук Америка өлкөлөрү – Никарагуа, Коста-Рика жана Сальвадорду басты. Шамалдын күчү аба ырайы бузулган райондордо саатына 170 чакырымга жетти.

Бул аймакта катуу жааган жаандан суу ташкындоо коркунучу бар.

Никарагуанын бийликтери бороондон жана Тынч океандагы катталган 7,2 магнитудалык жер титирөөдөн улам жада калса өлкөдө чукул кырдаал режимин жарыялашты.

Спутниктеги сүрөттөн бороон чыгыштан батышка жылып баратканы көрүнөт
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Спутниктеги сүрөттөн бороон чыгыштан батышка жылып баратканы көрүнөт

Жер силкингенден кийин цунами болушу мүмкүн деп эскертилген эле, кийин ал жокко чыгарылды.

Ага карабай бийлик өлкөнүн түштүгүндө жер көчкү жүргөнүн кабарлады.

Коста-Рикада дагы өзгөчө кырдаал абалы жарыяланды. Бир нече миң жашоочу үйлөрүнөн чыгып кетүүгө аргасыз болду.

Азыр бороон батышка жылууда жана бир сутка ичинде шамалдын күчү басаңдайт деп күтүлүүдө.

Жабыр тарткандар жана кыйроолор тууралуу азырынча маалымат келген жок.