Жергиликтүү кеңештерге талапкерлигин койгон аялдар аз

Эксперттердин билдиришинче, жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна аялдардын катыштыгы дале болсо аз бойдон калууда
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эксперттердин билдиришинче, жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна аялдардын катыштыгы дале болсо аз бойдон калууда
Published

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге ат салышууда эмне үчүн аялдар активдүү боло албай жатат? Эксперттер көпчүлүк жергиликтүү кеңештерге көп болсо 15% гана аял өтүп, алар да көпкө иштебей кетип калаарын айтышат.

Таластын Кара-буура районун бир катар аялдары учурда 'Жергиликтүү кеңештерге болгон айымдардын активдүүлүгүн жогорулатуу' тренингин өтүп жатат. Алардын арасындагы Саадат Ажыбаева мындай сабактар жердештери үчүн абдан керек деп эсептейт. Анткени ал жашаган Аманбаева айылында аялдардын көбү өздөрү каалап турса да депутаттыкка ат салыша албай келет.

'Ар кандай себептерден улам аялдар жергиликтүү кеңештерге ат салышууга барбай калган учурларды көрүп эле жүрөбүз. Биринин жолдошу, биринин кайненеси, дагы башкасынын бир туугандары каршы болгондуктан шайлоого катышпай калышат. Экинчи тараптан, аялдардын өздөрүнө ишенимдүүлүгү өтө төмөн. Мени ким колдомок эле деп ойлошот, демек аларга өзүнө ишенүү, активдүүлүгүн жогорулатуу сабактары абдан керек деп эсептейм', - дейт Саадат.

Эксперттердин билдиришинче жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна аялдардын катыштыгы дале болсо аз бойдон калууда. Маселен, Саадат ат салышып жаткан аймакта жалпы 47 талапкер болсо, анын ону гана аял. Ошол он аялдын ичинен да шайлоодон саналуулары гана өтөрү бышык дешет айылдыктар. Бул учурдагы жергиликтүү кеңештерге ат салышып жаткандардын арасында аялдардын аз экендигин көрсөткөн бир эле учур. Өлкө боюнча бул сыяткуу шайлоо учурундагы гендерлик теңчиликтин сакталбай жатканы миңдеп саналат дешет адистер.

'Жергиликтүү кеңешке шайлоонун алкагында Талас жергесинде болдум. Ошондо айылдык, облустук деңгээлде маселелерди түшүнүп, саясатка даяр, лидер эжекелерибиз көп экенин көрдүк. Бирок алар чечим кабыл алуу процессинде кыйынчылыкка дуушар болот экен, өтпөсөм керек деген арсар ой бар. Анкени биздин саясий система да аларды кабыл алууга даяр эмес. Экономикалык жактан болобу, идея жактан болобу саясий партиянын жетекчилигинен, партия принциптеринен көз-каранды. Негизи аялдар социалдык көйгөйлөрдү эркектерге караганда көбүрөөк түшүнөт жана чече алышат. Андыктан алардын шайлоого барып, ишенимдүү кадам ташташына шарт түзүү керек', - дейт 'Зомбулукту бирге токтотолу' кыймылынын мүчөсү Гүлбарчын Жумабаева.

Кыргызстандын мыйзамдары боюнча жергиликтүү кеңештердеги аялдардын саны 30%дан кем болбошу керек. Бирок буга чейин 10-20% гана аялдар түзүп, алардын активдүүлүгү начар болуп жатканынын түрдүү себептери айтылып келет. Айрым байкоочулар кыргыз саясаты аялдарды кабыл алууга даяр болбой жатат дешсе, башка бир бөлүгү жергиликтүү кеңештерге аялдардын катыштыгы аз болуп жатканынын башкы себебин менталиттен көрөт.

'Жергиликтүү кеңештерге шайлоого келиндер көбүнчө барышпайт. Себеби алар өз кайнагасына же өзүнүн уруусундагы башка эркекке жол ачышат. Негизи айылда биз билбеген, жазылбаган мыйзамдар көп иштейт эмеспи', - дейт социолог Топчугүл Шайдуллаева.

Кыргызстанда жергиликтуү кенештерге шайлоо 11-декабрда өтөт. Ал күнү Кыргызстан боюнча 2365 шайлоо участогу иштейт. Расмий эсеп боюнча, 1220 округда эл жергиликтүү кеңештердин 7355 депутатын шайлайт.