Улуттук академиядагы реформалардан нааразылык чыкты

Академиядагы структуралык реформалар жөнүндө талкуулар
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Академиядагы структуралык реформалар жөнүндө талкуулар
    • Author, Кубатбек Чекиров
    • Role, Би-Би-Си кыргыз кызматынын редактору, Бишкек
  • Published

Кыргыз Улуттук илимдер академиясындагы башталган структуралык реформалар чыр менен коштолууда. Андагы үч институттун окумуштуулары академияда кайнаса каны кошулбаган илимий институттарды бири-бирине кошуп, жеке кызыкчылыктагы реформа жүрүп жатат деп каршы чыгышууда.

Окумуштуулардын айтымында, институттарды жоюу, кошуу жөнүндө маселе мурда кийин мекеменин өзүнүн окумуштуулары менен талкууланып, электен өтпөй туруп эле үстүртөн таңууланып жатканынан нааразылык чыкты. Биология жана топурак таануу институтунун директорунун милдетин аткаруучу Бекмамат Женбаев алар академиянын түзүмүн оптималдаштырууга негизинен каршы эместигин белгилеп, ошол эле учурда аны ишке ашырууда ойлонулбаган туура эмес чечимдер болуп жатканын айтууда.

"Жети институттан үч институт калып атат. Калганда дагы ар башка багыттагы илимди бир институтка кошуп жатышат. Мисалы, биздин институт биология жана топурак таануу институту биотехнология жана тоо медицинасы институту менен кошулууда. Биология , айыл чарбасы жана адам баласы.Үч тармакты алып келип, бир институтка кошуп жатышат. Биз буга караманча каршыбыз. Биздин кыргызстанга окшош тоолуу мамлекет, согуш болгон Тажикстанда дагы биология багыты боюнча төрт институт сакталып калган",-дейт Бекмамат Женбаев.

Улуттук илимдер академиясындагы структуралык реформалар ноябрь айында башталган. Жетекчилик иштеп чыккан план боюнча академиядагы 25 институттун ордуна 16 институт түзүү каралган. Ошондой эле вице-президенттердин кызматы кыскарууда. Академиянын басма сөз кызматынан кыскартуу негизинен башкаруучу кызматтагыларга гана тийиштүү болот, илимий кадрлар кыскарбайт деп билдиришкен.

Академиянын дагы бир окумуштуусу, медицина илимдеринин доктору, профессор Алмаз Шаназаров өз кезегинде академиядагы кайра түзүү иштерин илимий комплекстерди түзүү жолу менен кеткенде деле болмоктугун белгилейт.

"Бир багытта жакын тармакта иштегендерди бириктирүү керек эле. Биотехнологияны, биология, тоо физиологиясы менен эмес, тоо физиологиясы институтун ошол эле түштүктөгү медициналык проблемалар институту менен кошсо болмок. Академияда токой институтун, жаңгак институту жана медициналык проблемалар институтун бириктирип жатат. Ушунун өзү туура көрүнүшпү?-дейт профессор Алмаз Шаназаров.

Соңку үч-төрт жылдан бери Улуттук илимдер академиясын реформа кылуу маселеси коомдо кызуу талкууланып келатат. Окумуштуулардын эң башкы мекемеси жеген нанын актабай жатат деп, аны жоюп, жогорку окуу жайларга кошуп салууга чакырган да сунуштар болбой койгон жок. Өкмөт дагы өз кезегинде Академиянын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууну талап кылууда.

Ошондуктан академиянын жетекчилиги мамлекеттик каржылоо өп-чап болуп жаткан шартта кайталанган институттарды кыскартып же бириктирүү аркылуу каражатты үнөмдөө аракетин көрүп жатат. Кыскартууга туш болгон кызматкерлер жетекчиликти айыптап, ноябрь айынын соңунда митингге да чыгышкан эле.

Академиядагы реформага байланыштуу чыккан чыр жана нааразылыктар жөнүндө Өкмөт жетекчилери, Билим берүү жана илим министрлиги да кабардар экени айтылууда.

Академиянын президенти Эркебаевдин буга чейин ММКга берген маалыматына караганда, академиянын бир жылдык бюджети 252 миллион сомду түзөт. Бул каражат негизинен 1900 кызматкердин эмгек акысын төлөгөнгө жана коммуналдык чыгымдарга гана кетет. Илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө мамлекеттик казынадан каралган каражат жетпейт, ошондуктан окумуштуулар сырткы булактардан гранттарды таап иштеп келатышат.