Учак кырсыгы болгон аймак
Published
“Манас” аба майданына жакын аймакта Боинг-747 жүк ташуучу учагы кырсыкка учурап, кеминде 37 тургун каза тапты.
Учак жыйырмадан ашык турак-жайды талкалап, жерге кулаган. Айрым маалыматтарда кырсык учкучтун айынан болгон деп айтылууда. Бирок аба ырайы начар болгону дагы белгиленүүдө.