Кыргызстан: аба майданына жакын жашагандардын коопсуздугу кандай?

- Author, Сапаргүл Абдинабиева
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
- Published
Кыргызстанда учак кырсыгынан кийин башка шаарлардын ортосунда жайгашкан аба майдандарын коопсуз жайга көчүрүү маселеси көтөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн парламентте да сөз болуп, аба майдандарынын коопсуздук шарттарын иликтөө үчүн атайын комиссия түзүү демилгеленди. Ал арада Баткен шаарындагы аэропортко жакын жашаган тургундар бийликке кайрылып, аба майданын башка жакка көчүрүү талабын коюп жатышат.
Турак-жайы учуу тилкесине өтө жакын жайгашкандыгын айтып даттанган баткендик Тажигүл Жусупованын үйү шаардагы аба майданына болжол менен 300-400 метрдей аралыкта жакын жайгашкан. Ал учак келип конгон сайын терезелери титиреп, катуу үн даана угулганын айтууда.
"Баткендин аэропорту шаардын ортосунда болуп, кооптонуу жараткан учуру көп. Өзгөчө Бишкектеги учак кырсыгынан кийин коркуп турабыз, мындай учур аэропортко жакын жайгашкан бардык үй-бүлөлөрдүн башына келиши мүмкүн. Бүт нерсенин алдын алып, аба майданын башка аймакка көчүрүү керек. Антпесе коркунучта жашоо баарыбыз үчүн зыян", - деди Жусупова.
Тажыгүл аба майданына жакын турган үйлөрдө жашаган жалгыз тургун эмес. Ал сыяктуу жүздөгөн адамдардын үйү аба майданын тегерете жайгашып, учактын күрүлдөгөн үнүнө көнүп да калышкан. Бирок соңку окуя учуу тилкесине жакын жайгашкан үй ээлерин солк эттирди. Атап айтканда, 16-январда Бишкектеги "Манас" аба майданына жакын жерде учак кулап, дээрлик 40 чамалуу адамдын өмүрү менен кош айтышы Дача-Суу айылы сыяктуу аба майданына жакын турак-жайлардын коопсуздугу тууралуу маселени кырынан койду.
Эң оболу Баткендин бир катар тургундары шаар ортосунда жайгашкан аба майданын башка жакка көчүрүү талабы менен чыгышты. Анын артынан эле Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы аба майдандары да жайгашкан орду боюнча туура эмес экенин айтып, бүгүн парламентте бир катар депутаттар аларды башка жакка көчүрүү пикирин жаадырды.
"Кырсыктан кийин бизде алгач коопсуздук маселеси каралып жатат. Эң биринчи кезекте аэропортко жакын жерге айылдарды курбаш керек экен. Ушу маселени карап чыгып, керек болсо кээ бир учак тилкелерине жакын үйлөрдү көчүрүү демилгеси болуп жатат. Ал эми Оштогу аэропорт көчүрүлөт. Атайын өкмөттүн токтому менен Отуз-Адыр айыл өкмөтүнөн 500 гектар жер бөлүнгөн, ага заманбап аэропорт куруу планы бар",- деди ЖК депутаты Абдувахаб Нурбаев.
Эксперттердин айтымында, турак жайлар аба майданынан кеминде үч чакырым алыстыкта жайгашууга тийиш. Бирок бул норма Кыргызстандагы аба майдандарынын дээрлик эч бирине туура келбейт. Анткени алардын бардыгы 60-70-жылдары салынгандан кийин, айланасын курчай мыйзамсыз турак-жайлар түшүп кеткен. Ал үчүн азыр эч кимди жоопко тарта албайбыз дейт авиация адистери.
Калкы канчалык жыш жайгашканына карабастан, учуу тилкелери шаар ортолоруна эле курулган мамлекеттердин көптүгүн айткан адис Базарбай Мамбетов кептин бардыгы учкучтардын даярдыгында деп эсептейт:
"Биз азыр эч нерсе кыла албайбыз. Элдер жашай берет, учактар уча берет. Бул жерде эң негизги маселе, учуу тартиптерин киргизүүдө. Эскирип кеткен, жараксыз эмес, жаңы учактарды колдонуу керек. 2008-жылы Иранга спортчуларды салып бараткан учактын кулашы, андан кийин Оштогу, эми минтип Бишкектеги авиакырсыктар жөн жай болуп атабы? Мунун баары пилоттордун же учактын технилкалык катачылыгы менен байланыштуу болуп жатат. Андыктан тартип керек".
Жалал-Абаддагы жана Баткендеги аба майданына жакын жайгашкан турак-жайлардын ээлери учуу тилкелерин коопсуз жакка жылдыруу жөнүндө талап жана сунуштарнын буга чейин да коюп келишкен. Бийлик тарап өз кезегинде аба майдандарын облустун башка районуна көчүрүү же аны кеңейтүү маселелери каралып жатканын айтуу менен гана чектелүүдө.




























