Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу

Кыргызстандын Чек ара кызматы кечээ күнү кыргыз-тажик жарандары ортосунда чыр-чатак катталган Баткендин Көк-Таш айылында кырдаал туруктуу деп билдирди.
«Чек арадагы кырдаалды курчутпоо үчүн эки өлкөнүн чек ара кызматтары мамлекеттик чек аранын тилкесинде бириккен чек ара күзөттөрүн коюп, кайтарууга алышты. Кечээ күнү кыргыз-тажик чек ара кызматтарынын жолугушуусу өттү. Жергиликтүү тургундар ортосунда түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, маселе чечилди деп айтсак туура болот»,-деди Чек ара кызматынын өкүлү Сажира Чоколоева.
Эскерте кетсек кечээ күнү Баткен районунун Көк-Таш айылында эки өлкө жарандары ортосунда келишпестик орун алып, таш атышууга чейин жеткен чатакташуу болгон. Жаңжал учурунда бир турак жай жана төрт унаа жабыр тарткан. Окуя тажик жараны токмоктолду деген маселеде улам чыккан деп айтылды. Кийин анын токмоктолгону далилденген эмес дейт жергиликтүүлөр. Ага карабай тажик жараны бир нече айылдашын ээрчитип келип, чыр чыккан. Чатакташуу учурунда Көк-Таш айылынын башчысы Разия Ѳсөрова да жабыр тартып, ооруканага түшкөнү айтылып жатат. Айыл башчы менен телефон аркылуу байланышууга мүмкүн болгон жок. Жергиликтүү бйилик бул окуяны чоо-жайы териштирилип жатканын билдирүүдө.
Кыргызстандын Баткен аймагы өлкөдөгү чек ара көйгөйү эң курч аймактардын бири. Коңшулаш Тажикстандын чек ара конуштары менен кыргыз айылдарынын ортосундагы маал-маалы менен орун алып келаткан чатакташуулар Бишкек менен Дүйшөмбүнүн шайын оодарып келүүдө.
Кыргызстандын чек ара кызматы өткөн жылы кыргыз-тажик чек арасында ар кандай мүнөздөгү алты инцидент катталганын билдирди. Бул албетте өткөн жылдарга салыштырганда чыңалуу басаңдаганын көрсөткөн. Ѳткөн жылдарда ок атышууга чейин жеткен жаңжалдар орун алганы бар.
Тажикстан менен чектешкен Баткендин Ак-Сай жана Көк-Таш айылдары ушундай чатактар эң көп катталган конуштар эсептелет. Бул аймактарда чек ара тилкелеринин такталбаганы жана талаштуу жерлердин көп экени жаңжалдардын негизги себеби болуп келүүдө. (AbA)

























