Сооронбай Жээнбеков "24.kg" сайтын жана мурдагы депутатты сотко берди

Сүрөттүн булагы, official
Кыргызстан социал-демократтар партиясынан президентикке талапкер Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кабай Карабеков менен "24.kg" маалымат агенттигин сотко бергени кабарланды.
Бул тууралуу аталган агенттик жазып чыкты. Сайттагы маалыматта Жээнбеков ар намысына жана кадыр-баркына шек келтирди деген арыз менен Бишкектин Свердлов райондук сотуна кайрылганы айтылат.
"24.kg" сайтты 11-сентябрда мурдагы депутат Кабай Карабековдун "Сочиге сапар. Кремлге мураскердин артыкчылыгын кайра түшүндүрүп жатышат" деген макаласын жарыялаган. Бул макалада бир тууган Жээнбековдордун кайсыл бир радикал араб уюмдары менен байланышы тууралуу айтылган экен.
Сооронбай Жээнбеков бул макалада айтылгандарды «жалган жалаа жана ушак» деп, сотко кайрылган. Cайттан жана автордон моралдык зыян келтиргени үчүн 5 миллион сомдон өндүрүү боюнча доо койгон.
«24.kg» маалымат агенттиги буга чейин эле бул макаланы президентикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабынын талабы менен алып салганын жазды. (AbA)
























