Шайлоочулардын тизмеси такталды: мурункудан 59 миңге көп

Шайлоочулардын тизмеси
Published

Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматы Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоочулардын кайра жаңыртылган тизмесин тапшырды.

Ага ылайык алдыдагы президенттик шайлоого катыша турган шайлоочулардын саны 2 млн 973 525 кишини түзөт.

БШКнын маалымат кызматы ырастагандай, бул жолку тизме мурункуга салыштырмалуу 58 937 кишиге көп. Анткени буга чейин биометрикалык маалыматтын тапшырбай келген кишилердин эсебинен тизме өзгөргөн.

Шайлоочулардын аймактар боюнча саны:

  • Бишкек шаары боюнча шайлоочулардын саны 365 миң 264
  • Ош шаарында - 146 миң 157 шайлоочу
  • Чүй облусу боюнча - 488 миң 118 шайлоочу
  • Ош облусунда - 591 миң 874
  • Жалал-Абад облусунда - 546 миң 082
  • Таласта - 133 миң 989 шайлоочу
  • Нарында - 173 миң 397
  • Баткенде - 245 миң 886
  • Ысык-Көлдө - 264 миң 789 шайлоочу

Ал эми чет өлкөдөгү шайлоочулардын саны - 12480 деп көрсөтүлдү.

Орусиядагы добуш берүү бекеттери.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусиядагы добуш берүү участкалары.

Бирок тизме добуш берүү күнүнө он күн калганга чейин дагы жаңыртылат.

Учурда шайлоочуларга тизмелерин такташып алуу кеңештери берилип жатат. Буга чейинки шайлоолордо тизмеден көп маселе чыккан. Айталы, көп кишилер добуш берүүгө келип, бирок өздөрүн тизмеден таппай калган учурлар болгон эле.

Ошол эле учурда ички миграцияга байланыштуу, каттоосу жок болуп, айрым шайлоочулар добуш берүүгө катыша албай калышат. Айрым маалыматтарга караганда дагы деле биометрикалык катоодон өтпөгөндөр саны 800 миңге чамалайт.

Шайлоочулар өздөрүн тизмеден текшерүүсү керек

Шайлоочулардын тизмеси

БШК август ортосунан тарта "Өзүңдү тизмеден текшер!" деген өнөктүк баштаган. Ал сентябрь аягына чейин уланат.

"Эгерде шайлоочу шайлоо тизмесинен өзүнүн маалыматтары тууралуу каталарды жана так эместикти тапса, №3 формасында арыз жазып, өзүнүн участкалык шайлоо комиссиясына кайрылуусу керек Эгерде шайлоочу башка шайлоо участкасынан добуш бергиси келсе, (катталган жери боюнча эмес, шайлоо адреси боюнча) 30-сентябрга чейин №2 формасында арыз жазып, тийиштүү шайлоо участкасына кайрылуусу зарыл. Биометрикалык каттоодон өтүүгө үлгүрбөй калган КР жарандары жашаган жерлери боюнча Мамлекеттик каттоо кызматы органдарынын биометрикалык каттоо пункттарынан өтсө болот, андан кийин өздөрүнүн маалыматын добуш берүү участкасынан тактаса болот",-деп билдирген БШК.

"Ошондой эле Мамлекеттик каттоо кызматынын call-борборундагы 119 номери боюнча телефон чалып, (чалуу бекер) же ПИНди көрсөтүү менен 119 номерине СМС билдирүү жиберсе (14-жеке идентификациялык номер) өзүңүздүн участкаңыздын номери жана дареги көрсөтүлгөн жооптуу аласыз". (AbA)