Эл аралык форумда ийгилик жараткан Нуржигит
Published
Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн студент, магистр жана жаш илимпоздорунун эл аралык форуму өттү. Ага Орусия, Тажикстан, Казакстандан баш-аягы кырктай окуу жайдын жаш окумуштуулары катышты. Би-Би-Си аталган форумда энергетика багыты боюнча экинчи орунду ээлеген жаш студент Нуржигит Алманбет уулуну жана уюштуруучу, Мамлекеттик техникалык университетинин биргелишип билим берүү программалары институтунун директору Туйгунбек Боорукеевди студияга чакырып, алгач жаштар форумунун өзгөчөлөгү тууралуу сурады.