Атамбаев: Абалды курчутам дегендердин жазасы катаал болот

Сүрөттүн булагы, official
- Author, Элеонора Сагындык кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
- Published
Жогорку Кеңеш депутаты Канатбек Исаевге байланыштуу окуядан кийин Коопсуздук Кеңеши жыйынга чогулуп, президент Алмазбек Атамбаев үгүт өнөктүгү маалындагы өлкөдөгү саясий кырдаал боюнча маалымат алды.
Бул тууралуу бүгүн президенттин басма сөз кызматы билдирүү таратты.
Анда президент шайлоо маалында өлкөдөгү абалды олку-солку кылгысы келгендерге жаза катаал болорун эскерткени баса белгиленген.
Атамбаев тартип коргоо органдарына шайлоого чейин жана шайлоо күнү коомдук тартипти камсыздоо үчүн болгон аракеттерди көрүүнү тапшырды.
«Президенттик шайлоо алдында өлкөдөгү тынчтыктык жана ынтымактын биз үчүн мааниси чоң. Мамлекет үчүн эң олуттуу мезгилде биз чагымчылдыкка жол бербей, жарандардын коопсуздугун жана бейпилдикти камсыз кылышыбыз керек», -деди өлкө башчысы.
Ал ошондой эле башаламандыкты уюштуруу аракеттери аныкталса, болгон мыйзам катаалдыгы менен жаза болору кепилденишин талап кылды.
30-сентябрда Улуттук коопсуздук комитети Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынан депутат Канатбек Исаев жана кылмыштуу топко мүчө деген айрым адамдар массалык башаламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү боюнча интернетке тарап кеткен видеонун негизинде камакка алган.
1-октябрда президенттикке талапкер, Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата-Журт" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Бабанов Бишкекте маалымат жыйынын куруп, Канатбек Исаевдин камакка алынышын депутаттын аны колдогону менен байланыштырды.




























