Бишкекте курулуп жаткан чоң мечитке Имам Сарахсинин ысымы берилет

Сүрөттүн булагы, Belek nurlanov
Кыргызстандын Муфтияты Бишкекте курулуп жаткан Борбор Азиядагы эң чоң мечитке дин аалымы Имам Сарахсинин ысымы бериле турганын билдирди.
Биздин замандын 11-кылымында жашап өткөн түрк-ислам дүйнөсүнө белгилүү аалымы Ахмед аль Сарахсинин күмбөзү 2012-жылы Кыргызстандын Өзгөн шаарынан табылып, атайын архитекторлордун эмгеги менен кайрадан жаңыртылган эле.
Серахси Өзгөндө 14 жыл зынданда жатып, оозеки шакиртерине айтып берип, ислам маданияты, философиясы, адам укугу туралуу 30 томдук китеп жазган дейт окмуштуулар. Жүздөгөн жылдар боюу изделип келген бул күмбөз студент кыздын тактаган маалыматтары аркылуу белгилүү болуп кийин түрк-кыргыз изилдөөчүлөрү далилдеп чыгышкан.
"Дүйнөдөгү исламдын өзөгү болгон, айрыкча имам Аззам Абу Ханифа мектебинин эң чоң маалымат китеби "Мабсут" ушул Өзгөндө жаралгандыгын билчүбүз. Ал китептин аягында ал өзү кайсыл зындан, кайсыл аймак экенин жазып кеткен",-деген күмбөздүн ачылышына барган Кыргызстандын мурдагы муфтийи Рахматулла ажы Эгембердиев.
«Ислам дүйнөсүндө эки улуу инсан болсо, анын бири Ахме́д Ясави, экинчиси имам Сарахси. Сарахси Өзгөн шаарында жашап, жергиликтүү бийликтин туура эмес иштерине фетва (өкүм) чыгарганда зынданга ташташкан. Ал зынданда жатып, зындандын үстүндө турган шакирттерине оозеки кыйкырып айтып берип, 30 томдук эмгек жазган. Ал эмгектери ислам маданияты, укугу жөнүндө, чечмелеп, анализдеген. Бүгүн Американын, башка өлкөлөрдүн адам укугу жөнүндө декларациялары жазылып турган учурда, ал киши ошол учурда бул маселеге кайрылган илимпоз»,-дейт окумуштуу, Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаков.
Ахмед -аль- Сарахсиөтө күчтүү эс-тутуму, жөндөмдүүлүгү менен таанылган экен. Ал азыркы мезгилдеги Мерв жана Мешхед шаарларынын ортосундагы Түркмөнстан менен Ирандын чекарасындагы, өткөн кылымдарда Хорасан эсептелген Серхас аймагында 1009-жылы туулгандыгы такталган.
Бирок өмүрүнүн көп бөлүгүн Фергана өрөөнүндө, анын ичинде Өзгөндө өткөргөн экен.
Ислам динин Борбор Азияга жайылткан деп айтылып жүргөн 10-13-кылымдарда өкүмүн жүргузүп турган Караханийлер мамлекети учурундагы бир топ тарыхый имараттар Өзгөндө биздин күндөрдө да күнү-күнкүдөй сакталып турат. Өзгөндөгү тарыхый жайлардын бири 1112-жылы курулганы такталган. Экинчиси 1187-жылы тургузулган экен.
Өзгөндөн табылган Сарахсинин күмбөзү Түркия тарабынан каржыланып, жаңыртылганын белгилеп кетсек болот. (AbA)




























