Шайлоо мыйзамдары реформага муктаж

Сүрөттүн булагы, official
Жарандык коом өкүлдөрү шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу боюнча айрым сунуштарын киргизүүдө. Алардын эң негизгилери - президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоодо үгүт мөөнөтүн узартуу жана көз карандысыз байкоочулар макамын көтөрүү.
Бишкекте бүгүн "Шайлоо системасын реформалоо боюнча жарандык коом демилгелери" долбоорунун бет ачаары өттү.
Иш-чарада шайлоо жаатында иш алып барган бир катар бейөкмөт уюмдары шайлоонун таза өтүшү үчүн мыйзамдык негиздерди кайрадан карап чыгуу керектигин айтышты.
Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын координатору Улан Дастан уулу "Президентти жана ЖК депутаттарын шайлоо тууралуу" конституциялык мыйзамга быйыл киргизилген өзгөртүүлөр жарандык коомдун байкоочуларынын укугун бир топ чектеп койгонуна токтолду.
"Азыр байкоочулар жана коомдук байкоочулар деген берене бар. Коомдук байкоочулардын укуктары берки байкоочулардан чектелип калды. Эми алар шайлоо күнү участкаларда ээн-эркин басып жүрө албайт жана шайлоо комиссияларынын кыймыл аракеттеринин үстүнөн даттана албай калышты. Шайлоо бүткөндөн кийин биз бул маселеде сунуштарыбыз менен Жогорку Кеңешке кайрылабыз", -деди Улан Дастан уулу.
Учурда коалициянын 60 узак мөөнөттөгү байкоочулары шайлоого байкоо жүргүзүп, добуш берүү күнү 1 миң кыска мөөнөттү байкоочулар добуштарын кош санактайт.
Коалиция,ошондой эле, өлкө башчысын жана парламент депутаттарын шайлоодо үгүткө берилген убакыт абдан тар болуп аткандыгына камтама болууда.
"Бул шайлоонун эле мисалында айталы. Президенттикке талапкер бир ай ичинде аймактарды кыдырып, өз программа-платформаларын тааныштырып, шайлоочулар менен иш жүргүзүү мүмкүнбү? Мүмкүн эмес", -деп кошумчалады Улан Дастан уулу.

Сүрөттүн булагы, VYACHESLAV OSELEDKO/STRINGER
"Адилет" укуктук клиникасынын өкүлү Айнура Осмоналиева шайлоодо арыз-даттанууларды кабыл алуунун эрежелерине өзгөртүү киргизүү муктаждыгы бар деди.
"Арыздарды каттоо төмөндөн өйдө жүрсө деп атабыз. Мисалы, участкалык шайлоо каомиссиясына келип түшкөн арыздар дароо онлайн түрундө катталышы керек. Азыр биринча ал жерге, андан кийин аймактык шайлоо комиссиясына, анан барып Боршайкомдун өзүнө арыз жетип атат. Ал жакка жеткенделе бардык арыздар жарыялана бербейт. Бул процесс ачык болуп, арыздар боюнча жоптор да жарыяланып турушу керек" , -деди Осмоналиева.
Учурда "Адилет" клиникасы шайлоолорго байланыштуу жарандардын укуктары боюнча телефон аркылуу кеп-кеңеш берип, жөн дагы консультациялар өткөрүүдө.
Евробиримдик Кыргызстанда эки жылга эсептелген бюджети 1 миллион евролук "Шайлоо системасын реформалоо боюнча жарандык коом демилгелери" долбоорун каржылап, ага беш уюм кирген.
Алар: Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы, "Адилет" укуктук клиникасы, "Интернет саясаты боюнча жарандык демилгелер", Социалдык изилдөөлөр агенттиги жана Медианы өнүктүрүү борбору. (ElenK)




























