Кыргызстан ЕАЭБге кандай жооп берет?

Сүрөттүн булагы, OFFICAIL
- Author, Азиза Марат кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
- Published
Казак премьер-министринин импорт боюнча айыптоолоруна кыргыз өкмөтү жооп берүүгө камданып жатат. Казак премьер-министри Бакытжан Сагинтаевдин билдирүүсүнөн кийин Кыргызстанда бажы тармагындагы ири коррупция тууралуу талкуу жаралды.
Казак премьер-министринин Кыргызстандын бажысындагы сандар тууралуу билдирүүсүнөн кийин социалдык тармактарда Кыргызстандагы ири коррупция тууралуу талкуулап жатышат.
Экономист Азамат Акенеев казак премьери Кыргызстанды коррупцияда түзмө түз айыптабаган менен келтирген сандары бажы төлөмдөрүнүн ылдыйлыгы жана аткезчиликти айтып жатат дейт.
Эгер ал айыптоолор туура болсо Евразия экономикалык биримдиктеги башка өнөктөш мамлекеттер үчүн да алгылыксыз деди Акенеев:
“Анда алардын дагы ички көзөмөлдү күчөткөнгө негизи болот. Эгер ЕАЭБдин бизге тиешелүү сырткы чек арасын жакшы карай албасак, алар биз аркылуу чоң контрабанда өтүп жатканын карап эле отура беришбейт да. Анткени бул жалпы бюджеттен жоготуу. Казакстан гана эмес, Орусия, Армения, Беларус да жоготуп жаткан болот. Анткени бажы бюджетибиз бир”.
Азамат Акенеев Кыргызстанды айыптоо өтө оор жана аргументтүү болгонун айтып, Кыргызстан биримдиктин башка өлкөлөрүнө аны төгүндөй алабы деген суроону коюуда.

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL
Бир жагынан алганда, кандай биримдик болбосун, товарлардын агымы үчүн күрөш дайыма орун алат дешет эксперттер.
Кыргызстандын экономика министри Артем Новиков дагы Бакытжан Сагинтаевдин билдирүүсүнөн кийин Ереванда Казакстандын импорту боюнча да дал келишпестик бар деди журналисттерге.
“Ал жакта деле ушундай кырдаал. Мисалы, Кытай 2015-жылда Казакстанга экспорттун көлөмүн 8,5 млрд доллар деп жатат. Ал эми Казакстан импортун 5 млрд доллардын тегереги деп көрсөткөн... 2016-жылы Казакстан Дүйнөлүк соода уюумуна киргенден кийин бул айырма 1,5 млрд долларга көбөйгөн”, - деген Новиков ушул сыяктуу айырмачылыктарды келтирди.

Новиков фактыларды карап чыгып, Казакстанга жооп беребиз деди.
Мунун алдында өкмөттөр аралык кеңешменин кең жыйынында Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев биримдикке киргенден бери бардык мүчө өлкөлөрдүн Кытайдан импорту азайып, Кыргызстандыкы эң көп боюнча калууда деди.
“Евразия экономикалык биримдигиндеги мамлекеттердин үч жылда кошумча нарк салыгы менен бажы төлөмдөрүнөн жоготуусу 2 млрд 687 млн долларды түздү. Анын ичинен Казакстан тарткан зыян 212 млн доллар, 2,5 млрд доллар, Беларус 113 млн доллар”.
Сагинтаев Кыргызстандын Кытайдан импорту боюнча статистикасы Кытайдын берген сандарынан кыйла аз экенин сандар менен келтирип, андай айырма Казакстанда да чыгарын, бирок Казакстан менен Кытайдын статистикасындагы айырма тогуз пайыз, Кыргызстандыкы 30 пайыз болгонун билдирди.
Ушул эле жыйында Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков кыргыз-казак чек арасындагы оор абалды айтып, бул биримдиктин эрежелерине туура келбей турганын белгилеген.
Ал тапта эки аптадан ашык убакыттан бери өтүү оорлогон чек ара маселесин чечүү талабы менен Бишкектеги Казакстан элчилиги алдында тынч митинг өттү.
“Үнүбүз Казакстанга жетпесе дагы кур дегенде ушул жердеги элчиликке кайрылуу иретинде берип жатабыз. Бажы биримдигине киргенден кийин мүчө өлкөлөр тең укуктуу болуш керек. Чек арадагы унаалардын өтө албай жатканы ЕАЭБдин талаптарына ылайык келбейт”, - деди “Кыргыз эл жаштар кеңешинин” өкүлү Бекназар Айталиев.
“Кыргыз чоролору” коомунун штаб башчысы Нуралы уулу Бактыбек бүгүн “Ак-Жол” өткөрмө бекетине барып келди. Кечээгиге салыштырмалуу кезек күткөн жүк ташуучу унаалардын эки эс көбөйгөн. Анын баамында узундугу 13 чакырымга жетет.
Ереванда 25-октябрда өкмөттөр аралык кеңешменин алкагында эки өлкөнүн премьер-министрлеринин чек ара маселесин чечери күтүлгөн. Бирок ал тескери таасир бергендей болду. Казакстан чек ара маселесин чечүү боюнча жол картасына кол койгон жок.
Аны эки өкмөт башчы Астанадагы жолугушууда иштеп чыгууну макулдашкан. Астанадагы сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында жөө жүргүнчүлөр менен жеңил машиналардын өтүүсү мүмкүн болду.
Кыргыз-казак чек арасынан өтүү 10-октябрдан бери оорлоп, казак тарап максаты аткезчиликти жана башка мыйзам бузууну ооздуктоо гана экенин айтууда.





























