Маданиятта жаңы министрди эски көйгөйлөр күтүүдө

- Author, Азиза Марат кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
- Published
Маданият министри Түгөлбай Казаков кызматтан кеткенден кийин ордуна келчүлөрдүн аты аталууда. Жогорку Кеңештин социалдык, билим берүү жана маданият боюнча комитети журналист Султан Жумагуловдун талапкерлигин сунуштады. Жаңы министрге кандай "мурас" калды, аны бул тармакта кандай иштер күтүүдө?
Түгөлбай Казаков 28-октябрда кызматтан алынгандан кийин анын ордуна ким келери талкууланууда.
Жогорку Кеңештин профилдик комитети журналист, ушу тапта президенттик аппаратта иштеп жаткан Султан Жумагуловдун талапкерлигин сунуштады.
Кимдин министр болорунан мурда ал кишини маданият тармагында эмне “мурас” күтүп турат?
Акын жана жазуучу Асан Жакшылыковдун пикиринде, маданият тармагын үч багытка бөлсө болот: салттуу маданият, советтик доордо калыптанган профессионалдуу маданият жана каржы тармагы.

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL
Жакшылыков театрга, китепканаларга жана башка тармактарга акыркы жылдары чекеден акча бөлүнүп жатканын айтып, анын уңгусу болгон адабиятка, чыгарма жазууга көңүл бурулбай жатат дейт. Акын ушул бутак азыр биринчи кезекте камкордукка муктаж деген ойдо.
“Адабият, поэзия, ыр болбосо, мисалы, музыка өнүкпөй калат. Сценарий болбосо, кино тартылбай калат. Пьеса болбосо спектаклдер коюлбай калат. Чыгармачылыктын башаты ушул экенин элес албай, таштап койдук. Азыр системдүү иш гана жок болуп жатат. Болбосо, мамлекеттик бюджет мурдагыга караганда кудайга шүгүр. Ушул тармакка 300 же 500 миллион сом бөлүп койсо эле, бат дүркүрөп өсүп кетмек”, - деди Би-Би-Сиге Асан Жакшылыков.
Ал балдарды эмне менен окутабыз деген маселеге кайсы мектепте окутабыз дегендей эле көңүл бурулуш керек, адабиятка мектептердин курулушуна берилгендей каражат зарыл деди.
Режиссер, театр ишмерлер союзунун төрагасы Жаныш Кулмамбетов маданият тармагын туруп калды деп айтууга болбойт, жаңылануу жүрүп жатат дейт.
Анын айтымында, маселе маданият кызматкерлеринин камсыз болушунда. Андыктан Кулмамбетов биринчи кезекте маданият ишмерлеринин айлыгын, социалдык коргоосун жакшыртыш керек деди:
“Үч-төрт миң сомдук айлык менен жашаш өтө кыйын, андай айлык эч жерде жок болсо керек. Бул иштин сапатына, жасалган продукцияга таасир этет. Анткени ал башка жумуштарга дагы барып иштегенге мажбур. Мындан улам шашылык түрдө жана жакын арада жасалыш керек болгон ушул социалдык коргоо деп эсептейм”.
Кулмамбетовдун айтымында, акыркы жылдары театрларга 30 миллион сомдон жылына бөлүнүп жатканы, жаңы спектаклдердин коюлушуна түрткү болууда. Ал эми кино тармагы тасмалардын мазмунун кошпогондо өзүн өзү эптөөдө.

Кулмамбетов театрлардын техникалык базалары да акырындап жаңырып, жакшырып келатканын кошумчалады.
Маданият тармагы толугу менен мамлекеттин карамагында, анын камсыздоосуна муктаж десе болот.
Акын жана жазуучу, руханий агартуу сайтын иштетип жаткан Олжобай Шакир маданияттын өнүгүшү мекемеден же министрден көз каранды эмес экенин турмуш көрсөтүп келатат дейт. Ал жалпы мамлекеттик түзүлүш, экономика бир жолго коюлмайын маданияттын өзүн бир жетекчи оңдой койбойт деген оюн айтты:
“Мамлекттик мекеме, агенттиктер жана министрликтердин баары эмне кылып жатат? Баары эле очорулуп отурат. Мамлекеттин жалпы чарбасы өнүкмөйүн, бир мекемени кыскартып же кеңейтүүдөн эч нерсе былк эткен жок. Өнүккөн өлкөлөрдө коомдук уюмдар же бир клубдар эле министрликтен ашык иштерди аткарып жатат. Мындай башаламан системада кеп кайсы кишинин келишинде эмес го. Канча министр келди, ийгилик жаратканы көзгө көрүнгөн жок”.
Алтымыш жаштагы Түгөлбай Казаков министрликке былтыры жайында келген. Акыркы айларда маданият министрлигине бир катар сындар айтылды. “Сулайман Тоо” музейине жаш ырчы Самара Каримованы дайындаганынан тарта, тарых музейиндеги мумияны көмгөнгө чейинки окуялар резонанс жараткан. Соңку апталарда Коопсуздук кеңеши музейлердеги экспонаттардын жоголгонун жарыялап, маданият министрлигинде ондогон мыйзам бузуулар бар экенин билдирген.
Казаков мумия маселесин анын кызмат ордуна кызыккандар көтөрүп жатканын айткан.
Министрликке Султан Жумагуловдун талапкерлиги эртең дагы бир комитетте каралат.




























