Жогорку сотто Текебаев менен Чотоновдун иши каралууда

Архив сүрөт: мурдагы сот отурумдары.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Архив сүрөт: мурдагы сот отурумдары.
Published

Жогорку Сотто "Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонувдун соту уланууда. Бул соттук жараянга Текебаев менен Чотоновдун өзү алып келинген жок. Ага сот уруксат берген жок деди адвокаттар.

16-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту "Ата мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновду бир миллион доллар пара алуу иши боюнча күнөөлүү деп таап, ар бирин сегиз жылдан эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоо жөнүндө өкүм чыгарган. Ошондой эле соттун чечиминде алар жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин үч жылга чейин мамлекеттик кызматты ээлей албай турганы көрсөтүлгөн.

Буга чейинки сот иштери митингдер менен коштолгон.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Буга чейинки сот иштери митингдер менен коштолгон.

Соттун чечими менен макул болбогон Текебаев менен Чотоновдун жактоочулары шаардык сотко кайрылды. Бирок Бишкек шаардык соту кайра эле райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган. Кийин муну негиз кылган Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевди депутаттык мандатынан ажыратты.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов бул кылмыш ишин саясий буйрук катары мүнөздөп, бийлик өз оппонентерин куугунтукка алууда деп айыптап келүүдө.

Эки саясатчы тең орусиялык ишкер Леонид Маевскийден бир миллион доллар пара алган деген айып менен ушул жылдын февралында камакка алынган.