Кыргызстан чек арадагы кырдаалды БУУда айтып чыкты

БУУнун штаб-квартирасы
Published

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги расмий сайтында кыргыз-казак чек арасында абалдын Бириккен улуттар уюмунда айтылганын кабарлады.

«Бир тараптуу экономикалык чаралар - өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү саясий жана экономикалык мажбурлоо каражаты" деген резолюция каралып жаткан учурда Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева билдирүү жасап, Казакстан тараптан 10-октябрдан бери чек арадан кишилердин жана жүк ташыган унаалардын өтүүсүнө жасалма жол менен бөгөттөр коюлуп жатканын белгилеген»,-деп жазды Тышкы иштер министрлигинин расмий сайты.

Сайттагы маалыматта, БУУнун штаб-квартирасында Башкы Ассамблеясынын Экинчи комитетинде экономикалык, экологиялык жана каржылык суроолор боюнча резолциянын пакеттери 2017-жылдын 17-ноябрында каралаганы айтылат.

«БУУга мүчө өлкөлөр кыргыз-казак чек арасындагы түзүлгөн кырдаал, Кыргызстанды инвестициялык, туристтик мүмкүнчүлүктөрүнө шек келтирүү максатында экономикалык жана транспорттук блокада жасалып жатканы боюнча кабардар кылынды»,-деп белгиленеген.

Кыргыз-казак чек арасынан өтүү 10-октябрдан бери оорлоду. Казак тарап өзүнүн максаты катары аткезчиликти жана башка мыйзам бузууну ооздуктоо экенин айтып келет.

Бирок айрым серепчилер муну Кыргызстандагы шайлоо алдында президент Атамбаевдин Казакстан бийлигине айткан сынына байланыштырып келүүдө. Кечээ күнү Алмазбек Атамбаев алты жылдык мөөнөтүн жыйынтыктаган басма сөз жыйынында бул маселени орус кесиптеши Владимир Путин менен сүйлөшкөнүн айтты.

«Эгерде силерге ЕАЭБ керек болсо, эми жөн гана байкоо салып турбашыңар керек, аны кантип бузуп жатканын карап турбашыңар керек дедим", - деп айтты Атамбаев. Ошондой эле ал Казакстан менен кырдаал жөнгө салынарына ишеним билдирген.

Чек арага байланыштуу кыргыз-казак расмийлери ортосунда кайым айтышуулар тез-тезден эле катталып жатат. Атамбаевдин басма сөз жыйынында айткандарына да казак тарап дароо эле жооп узатты. (AbA)