Сооронбай Жээнбеков: Таза табиятты бузганга жол бербейбиз!

Published

Кыргызстанда уран чуусу чыккандан бери коомчулук президенттин позициясын күтүп жаткан эле. Апта соңунда Сооронбай Жээнбеков Конституциялык палатанын судьяларын кабыл алган жыйында уран чуусуна байланыштуу пикирин айтты.

Сооронбай жээнбеков

«Биз кийинки муунга ынтымагы бекем коомду, укуктук мамлекетти калтыруубуз зарыл. Урпактарга ата-бабадан калган таза табиятты, жашыл жаратылышты жеткирүүгө милдеттүүбүз. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып айта кетейин, Ысык-Көлдө Кызыл-Омполдо уран казуу маселеси коомдо кызуу талкууланып, элибиз кабатыр болуп жатат. Так кесе айтам — Кыргызстанда уран казылбайт!»,-деди президент.

Сооронбай Жээнбеков тоо-кен тармагындагы тамырлаган коррупция жөнүндөгү маселе Коопсуздук кеңешинде каралганын эске салган.

«Бул тармак, айрыкча лицензия-уруксат берүү системасы коррупцияга белчесинен батып, абалдын жетер жерине жетип калгандыгынан улам, тоо кен тармагындагы маселени быйыл жылдын башында Коопсуздук кеңешине алып чыккам. Кен чыккан жерлерге уруксат берүүдө, көп учурда, мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыктары эске алынган эмес. Тескерисинче, тар чөйрөнүн, айрым таасирдүү топтордун кызыкчылыктары жогору турган. Лицензия берүү тармагында кадимки эле базардагыдай алып сатарлыкка жол берилип келген. Ошондуктан, 2018-жылы лицензия берүүнү кылдат анализдеп, инвентаризация кылууну сунуштагам, жөнөкөй тил мен айтканда жаңы лицензияларды берүүгө мораторий жарыяланган»,-деген мамлекет башчы.

Бишкекте Ала-Тоо аянтында митинг

"Президент Кызыл-Омполдогу абалды кен казуу тармагындагы баш аламандыктын, өзүм билемдик саясаттын жыйынтыгы деп баалады. Эгемендик жылдарында жалпысынан жер казынасын пайдаланууга 2, 5 миӊден ашык лицензия берилген. Акыркы 8 жылдын ичинде тоо-кен тармагына тийиштүү жүзгө жакын кылмыш иши козголгон, бирок көпчүлүгү аягына чыгарылган эмес. Бул багытта Коопсуздук кеңишинин чечимине ылайык, учурда жумушчу топ иштөөдө",-деп кабарлады президенттин расмий сайты.

«Кечигип болсо да Өкмөт Кызыл-Омполдо уран казылбай тургандай чечим кабыл алды. Жогорку Кеңеш да бул маселени талкуулап, өз позициясын билдирди. Биздин кымбат, сүйүктүү Кыргызстаныбыз - таза экологиянын, таза суунун, таза абанын өлкөсү! Таза табиятты бузганга баарыбыз биригип жол бербейбиз! Көздүн карегиндей сактайбыз!»,-деп кайрылган Жээнбеков.

Көйгөйдүн баарын козгогон Кызыл-Омпол

Видеонун түшүндүрмөсү, Кызыл-Омпол уран кенинин асмандан көрүнүшү

Кыргызстандын Ысык-Көл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө каршы чакырыктар бүтүндөй уранга байланышкан маселени козгоду.

Парламенттеги талкууда уран кенине байланыштуу буга чейин жалпы 18 лицензия берилгени белгилүү болгон. Алардын жарымы жалаң уранды, жарымы болсо уран менен кошо башка да металлдарды чалгындоого берилген экен. Кыргызстанда Ысык-Көл биосфералык аймак деп эсептелет. Бирок ошого карабастан лицензиянын төртөө Ысык-Көл аймагына берилген.

Кызыл-Омполдо геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзгөн «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясы 2010-жылы лицензия алган. Кийин лицензиялык келишимдин мөөнөтүн 2020-жылдын аягына чейин узарткан.

Уран чуусу күчөп кеткенде өкмөт аталган компаниянын лицензиясын токтотту. Жогорку Кеңеш уранды өлкө аймагында издөө, чалгындоо, өндүрүү иштерине 50 жылдык мораторий киргизүү боюнча мыйзам долбоорун караганы жатат. (AbA)