Кыргыз тарыхынын тамыры тереңдеди

Байыркы кыргыздар
Published

Кыргыз этноними кытай булактарында эң биринчи биздин заманга чейинки Х кылымда эле учурайт, бул тарыхый жаңылыкты кытайлык илимпоздор аныктаганын тарыхчы Кыяс Молдокасымов өзүнүн"Фейсбук" баракчасына жазды.

Жаңы маалыматты 26-апрелде Бээжин шаарында президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушууда Кытай Коомдук илимдер академиясынын тарых изилдөө институтунун профессору, Евразия изилдөө борборунун директору Ли Цзиньсю билдирди.

Ага ылайык, Кытайдын байыркы тарыхы боюнча белгилүү тарыхчы Ю. Тайшан, биздин заманга чейинки Х кылымда жашаган кытай падышасы өз хроникасында кыргыздар жөнүндө жазып калтырганы тууралуу жаңы маалыматты тапкан. Бул маалымат атайын басылып, жайында Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкекте өтө турган саммитине алып келинет.

"Кытай падышасы кыргыздар жоокер эл экенин, күлүк аргымактары көп, бай турмушта жашаарын сүрөттөгөн. Бул маалымат Кыргыз тарыхын дагы сегиз кылымга тереңдетти",-деп жазды Кыяс Молдокасымов.

President Jeenbekov

Буга чейин кыргыздар тууралуу эң алгачкы маалымат атактуу кытай тарыхчысы Сыма Чийан (орусча Сыма Цян) биздин заманга чейин 201-жылга таандык "Тарыхый жазмалар" же "Ши цзи" чыгармасында учурай турганы такталган эле. Бул кытайлык текстти кыргыз тилине белгилүү кытайлык кыргыз илимпозу, профессор Мамбеттурду Мамбетакун уулу которгон. Жаңы тарыхый табылган кыргыздар жөнүндө кытай булактарындагы алгачкы маалымат андан да көп кылым мурда кездеше турганынын далили болуп калды.

Ю. Тайшан байыркы Кытай тарыхын изилдеген белгилүү окумуштуу. Анын ондогон илимий эмгектери жана эки жүздөн ашуун макалалары бар.