"Эсимде": согуш тууралуу жаңыча ой-толгоо

Сүрөттүн булагы, fotokg
- Author, Элеонора Сагындык кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
- Published
Кыргызстанда 9-май Жеңиш күнү майрамына жаңыча көз караш менен маани берүү аракети жүрүп жатат. Мындай демилге XX кылымдагы Кыргызстандын тарыхын аңдап түшүнүүгө түрткү берүүчү "Эсимде" талкуу аянтчасында көтөрүлдү.
Быйыл Россия баштаган көпчүлүк постсоветтик өлкөлөр Улуу Жеңиштин 74 жылдыгын белгилеп жатат.
Жеңиш күнү Кыргызстанда да өзгөчө шаан-шөкөт менен өтүп, өлкөдө жылдан жылга "Өлбөс полк" жүрүшү кулачын жаюуда.
"Эскерүү жана жарашуу күнү"
"БУУ бул күндү "Эскерүү жана жарашуу күнү" деп белгилей турган токтом чыгарган. 9-майдын мааниси ушул мааниге жакын болсо жакшы болмок. Болбосо, Жеңиш күнү такыр эле майрам болуп кетти. Анын фонунда көп нерселер көңүл сыртында калууда. Ошол эле Түркестан легиону каралбай жатат. Же туткунга түшкөндөр тагдыры кандай болду? Алар согуштун мясорубкасына түшүп калды да. Бизге Улуу Жеңиш эмес, ар бир адамдын жеке тагдыры жакын болуп атат",-деди БиБиСиге "Эсимде" платформасынын мүчөсү Назикбек Кыдырмышев (Элери Битикчи).

Сүрөттүн булагы, Official
Активист эскерүү күнү майрамга айланганына кейип, анын артында идеология жатканына көңүл бурду.
"Согуш жөрөлгөлөрүн улантуу - идеология"
Ошол эле "Эсимде" алкагында жарык көргөн Мицини Майнхоф аттуу автордун "74 года прощания с товарищами" макаласында "тарыхый даталар менен байланышы бар бардык майрамдарда дайым идеология элементи болору" айтылат.
Анда 9-майды айрым саясий режимдер окшоштукту, биримдикти куруу үчүн пайдаланып жатканы да белгиленген.
Автор өз макаласында постсоветтик өлкөлөрдүн баарында Жеңиш парады өзүнчө бир жөрөлгө (ритуал) катары кала берүүдө деген.
"Согуш маалында бул жөрөлгө аскерлердин демин көтөрүү үчүн жаратылган. Ал убакта жөрөлгө өзүн актаган. Азыр болсо, ал учурдагы саясий режимдин легитимдүүлүгүн бекемдөө максатында инерция менен улантылып жатат", - деп жазат Майнхоф.

Сүрөттүн булагы, EPA
"Бизде азыр Россиянын таасири күчтүү болуп жатат. Россия болсо, азыр милитаризация жолуна түштү деп айтса болот. Байкасаңар, азыр жарыша куралдануу башталды. Мына бизде жакында эле болгон уран тополоңу болду, кайсы бир аскерий максат менен бизде казуу башталмак беле? Аны ким билет", - деди Назикбек Кыдырмышев бул туурасында.
"Согушту эмес, тынчтыкты куралы"
Постсоветтик өлкөлөрдө Жеңиш күнүнө байланыштуу соңку жылдары дагы бир жаңы жөрөлгөнү байкаса болот. Кичине балдарга аскердик форма кийгизип, "Өлбөс полктун" жүрүшүнө алып чыккан учурлар көбөйдү.
"Балдарга аскердик форма кийгизбесеңер деп суранат элем. Антип кооздобой эле койсоңор. Бул карнавал эмес да. Аскердик форма - кайгы-муң, жоготуунун кийими деп билем. Бул - согушту жана зомбулукту романтизациялоо. Экөө тең эриш-аркак жүргөн нерселер. Андан көрө андай кайталанбаш үчүн балага согуш, анын кесепети тууралуу айтып берсеңер. Биз согушту эмес, тынчтыкты курушубуз керек", -деп жазат коомдук сайттарда жарандык активист Алтын Капалова.

Сүрөттүн булагы, Official
Бул пост интернетте кызуу талкууга алынып, орусиячыл жана батышчылдар делген каршы айыптоолор орун алды.
Коомдогу мындай талаштуу маселе боюнча экс-президент Роза Отунбаеванын аппарат башчысы Эмилбек Каптагаев да үн катты.
"Ооба, Экинчи дүйнөлүк согушка ар кандай ракурстан караса болот. Бирок Улуу Ата Мекендик согушка "батыштын" көз карашы менен караганга болбойт. Билсеңер, бул деген аксиома. Экинчи дүйнөлүк согуштун алкагында Улуу Ата Мекендик согуштун өзүнчө орду бар. Ал СССРдин ар бир тургуну үчүн ыйык болчу. Ал согушта эки жеңиш болгон: коалиция өлкөлөрүнүн фашизмди жеңиши жана совет элинин Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиши", - деди коомдук ишмер өз баракчасында.
Улуу Ата Мекендик согушка Кыргыз ССРинен 350 миңден ашык киши катышып, 160 миңи каза тапкан. Учурда өлкөдө 350 согуш ардагери бар.




























