Кыргызстанда мектептеги мугалимдердин саны азайды

Мектеп
Published

Кыргызстанда бир жыл мурдагы кыскартуулардан кийин жалпы билим берүүчү мектептерде мугалимдер үч миңден ашык санга кемиди. Ошондой эле педагогдордун саны азайган тенденция орто жана жогорку кесиптик окуу жайларында да көрүнөт.

Ошол эле убакта мектепке чейинки билим берүү уюмдарында педагогдор саны көбөйдү. Анын себеби соңку жылдары жаңы ачылган бала бакчалар көп болуп жатканында.

Булак: Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети

Кыргыз өкмөтү жаңы окуу жылынан баштап мугалимдердин эмгек акысын көтөрүүнү пландаштырууда. Бул жөнүндө президент Жээнбеков 11-апрелде Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө айта кеткен эле. Азыр тийиштүү органдар эсептөөлөрдү жүргүзүп бүтө элек, ошол себептүү педагогдордун эмгек акысы канчага көбөйөрү так боло элек.

Мугалимдер өздөрү эмгек акыны кеминде 30 пайызга көтөрмөйүнчө сезилерлик болбойт деп жатышат. Экинчи жагынан экономикадагы жакшыррак өсүш болбой, мамлекеттик казынада каражаттын өп-чап болуп жатканы да түшүнүктүү. (КС)