"Коопсуз шаар": Айдоочулардан 47 млн сом айыппул жыйналды
- Author, Венера Алымкул кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
- Published
Үч айда "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында мамлекеттин бюджетине 50 млн сомго чукул каражат түштү. Бул тууралуу Би-Би-Сиге Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы билдирди. Бүгүндөн тарта Бишкектин көчөлөрүндө дагы кошумча камералар иштей баштады.

Сүрөттүн булагы, DONAT SOROKIN
Шаар тургундары "Коопсуз шаар" ишке киргенден тартып эреже бузуулар азайып, тартип орной баштаганын айтышууда. Бирок долбоор боюнча кемчиликтер дале жоюла элек.
Калк айтса калп айтпайт
Атын атагысы келбеген Бишкектин тургуну үч ай аралыгында эки жолу айыппул төлөгөн. Айыптын баасы жогору болгону аз келгенсип, ички жолдор жана орнотулган белгилер талапка жооп бербейт дейт ал.
"Алма-Ата көчөсүнөн чоң ылдамдык менен өтүп кеттиң деп миң сом айыппул бир келди. Андан кийин үч миң сом бир келди. Эгер айдоочулар үчүн бардык ыңгайлуу шарттар болуп туруп, анан айып салса мейли. Бирок андай болбой жатпайбы. Кайрылуу үчүн тыгында турасың. Кошумча жол чырактар бат эле өчүп калат. Ашып кетсе эки унаа өтөт".
Үч ай жыйынтыгы
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, учурда 78 миң 164 жол эрежесин бузуу фактысы катталган. Анын ичинен 33 миң 133 айдоочу айыппул төлөгөн. Айыптан мамлекеттин казынасына 47 млн 641 миң 495 сом түшкөн.
"Эгер айдоочунун келген айыппул боюнча күмөнү болсо, биздин мониторинг борборубузга кайрылса болот. Адистер ал кантип жол эрежесин бузгандыгын көрсөтүп, түшүндүрүп берет",- дейт Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Тилек Исаев.

Сүрөттүн булагы, AFP
Бүгүндөн тарта Бишкектин дагы тогуз жол кесилишинде көзөмөл камералары иштей баштады.
Камералар төмөнкү кесилиштерге орнотулду:
Бөкөнбаев - Манас;
Чүй - Манас;
Чүй - Павлов;
Жибек Жолу - Манас;
Махатма Ганди - Боталиев;
Ахунбаев - Байтик Баатыр;
Жибек Жолу - Курманжан Датка;
Чүй - Абдрахманов;
Байтик Баатыр - М. Горький.
"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында жалпы токсон стационардык жабдык жана жыйырма көчмө аппараттар иштеп жатат. Алардын кырк экиси шаар ичинде болсо, калгандары Чүй облусунда. Жарандык активист Рита Карасартова өкмөт камераларды орнотуу менен эле чектелбестен, жарандарга шарт түзүү жагын дагы жакшылап колго алуу керек экендигин айтат. Ал учурда айдоочулар айтып жаткан дооматтар жүйөөлүү деп эсептейт.
"Камераларды коюштубу, ошол жол кесилишке дароо белгилерди орнотушсун. Бул реформа ар тараптуу болуусу керек. Бир жагынан айтыппулдарды көбөйтсө, бир жагынан айдоочуларга шарт түзүп бергендей болуш керек".
"Коопсуз шаар" долбоору мындан бир нече мурун башталганы белгилүү. Алгач тендер маселесине байланыштуу токтоп калган. Кийин өкмөт алмашкан сайын долбоор тууралуу сөз болгону менен иш жүзүндө ордунан жылдырган эч ким болгон жок.

Сүрөттүн булагы, Сүрөттүн автордук укугуADAM BERRY/GETTY IMAGES
Мурдакы өкмөт башчылардын ичинен мунун аракетин көргөн Сапар Исаков болду окшойт. "Таза коом" улуттук программасынын алкагында "Коопсуз шаар" долбоорун "Акылдуу шаарга" өзгөртүп, аны тез арада ишке ашырууга белсенген эле. Бирок анын дымагы Бишкектин көчөлөрүнө 4 тесттик видеокамера орнотуу менен бүттү.
Абылгазиевдин өкмөтү долбоорду орусиялык "Вега" компаниясы менен биргеликте ишке ашырууда. Расмийлердин айтымында, 2019-жылдын аягына чейин республиканын бардык аймагына 314 көзөмөл камералар орнотулат.




























