Жалал-Абаддагы өрттөн улам 2 миң киши эвакуацияланды

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичи районундагы мунайды кайра иштетүүчү ишканадагы өрттү өчүрүүгө кошумча күчтөр тартылды деп кабарлады.

Facebook баракчаны өткөрүп жиберүү, пост

Баракча ачылбайт

Facebook баракчадан көбүрөк пост окууБи-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жооптуу эмес.

Facebook посттун аягы

"Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов министрликтин Кризистик кырдаалдарды башкаруу борбору аркылуу онлайн режиминде Жалал-Абад шаарындагы нефтебазадан чыккан өрттү көзөмөлдөп жатат. Министрдин буйругунун негизинде ӨКМдин Жалал-Абад облусунун башкармалыгынын күч каражаттары, мындан тышкары Ош облустук башкармалыктан дагы кошумча өрт өчүрүү бөлүм жана көбүк тартылууда.

өрт

Учурда өрттү өчүрүүгө жалпы он бөлүм, эки автошаты тартылды. Жеринде ӨКМдин ыкчам тобу, шаардык суу чарба башкармалыгынан үч суу ташуучу унаа, РЭТ кызматынан бир бригада, тез жардам кызматынан бир бригада, ИИМ кызматкерлери жана Жалал-Абад шаарындагы Аэропортунан эки өрт өчүрүүчү унаа, Кочкор-Ата шаарындагы Кыргыз Нефти Газ ишканасынан өрт өчүрүүчү унаа өрттү өчүрүүгө жардам көрсөтүшүүдө. Мындан тышкары болжол менен 2000ге жакын адам коопсуз жайга эвакуацияланган. Кошумча маалымат берилет",-деп билдирди министрликтин басма сөз кызматы.

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы

Мындан алдын өрт кесепетинен улам эки киши ооруканага түшкөнү кабарланган. Бүгүн түшкө жуук Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичи районундагы мунайды кайра иштетүүчү ишкана өрт чыкканы кабарланды. Коомдук сайттарда окуянын видеолору жарыяланып жатат. Кечки саат алтыларга барып өрт чектөөгө алынганы кабарланды. (AbA)