Өмүрбек Бабанов: Жоопкерчилик баары бир бийликке тийиштүү

"Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов
Published

Бозгундагы саясатчы Өмүрбек Бабанов Кыргызстандагы окуялар боюнча коомдук сайттар аркылуу кайрылуу жасады. "Республика" партиясынын лидери аракеттеги президентти жана мурунку өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевди тирешти токтотууга чакырды.

"Жеке конфликт жарандык тирешүүгө алып баратканын" эскертти.

"Учурдагы окуяга жоопкерчилик баары бир бийликке тийиштүү болуп калат. Тилекке каршы, курмандык болду. Азыр бул жарандык тирешүүгө алып келип бараткан жеке конфликттин улантылышына эч жол бербей, токтотуш керек", - деп жазылат анын кайрылуусунда.

Бабанов "2002-жылдагы Аксыдагы кан төгүүгө жол бергендиги үчүн элибиз Акаевди эч качан кечирбейт, 2010-жылдагы Таластагы жана Бишкектеги кан төгүүлөр үчүн элибиз Бакиевди эч качан кечирбейт. Каргашалуу тарыхыбызды экинчи эч кайталабайлы, элибиз эле кыйналат" деген.

Саясатчы Өмүрбек Бабанов өзү 2017-жылдагы президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Ал учурда Москвада.

Кайрылуусунда Кыргызстанга кайтып келүү ниети бар экендигин, бирок чагымчыл аракеттерден улам, тарапкерлерин ойлоп астейдил болгонун белгилеген.

Соңку президенттик шайлоодо Өмүрбек Бабанов Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы болгон. (EKa)