Бабановдун кайтып келишинин артында Кремлдин кепилдиги жатабы?
- Author, Венера Алымкул кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
- Published
- Окуу убактысы: 3 мүнөт
"Республика- Ата Журт" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов бүгүн УКМКда сурак берди. Атайын кызмат саясатчыны шайлоо өнөктүгү учурунда Оштогу Амир-Темир кичи районунда сүйлөгөн сөздөрү боюнча суракка чакырган. Кечээ ал өзүнө караштуу "Кыргызстан" банкы боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматына сурак берип чыккан эле. Учурда Орусиянын Кыргызстанга болгон таасири Ак падыша учурундагындай экенин айткан кээ бир серепчилер, Бабановдун кайтып келишинин артында Кремлдин чоң кепилдиги жатат деп жатышат.

Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келгенден тартып, анын саясий тагдыры эмне болот деген талкуулар коомдо токтой элек. Саясатчы Бишкекке коноору менен кармап кетиши мүмкүн деген жоромолдор чоң эле. Бирок анын Кыргызстанга кайтуу планы оңунан чыгып, кармалмак түгүл кичи мекенинен бери кыдырып келүүгө жетишти. Бүгүн ал атайын кызматка сурак берүүгө келди.
"Мен учурда өлкөдө жаралган саясий кырдаалды токтотуу үчүн келдим. Биз мамлекетибиздин бүтүндүгүн сактап калышыбыз керек, ошондуктан кайтып келдим. Сурак бергенден кийин бул иштин баары жокко чыгат деп ишенем. Президентке жана күч органдарына мени аба майданынан дароо кармабай, жакындарым менен жолукканга мүмкүнчүлүк түзүп бергенине ыраазымын. Артымдан көп эле ушактар ээрчиди. Келбей койсом коркок дешет. Кайтып келсем бийлик менен сүйлөшүүгө барды дешет. Эгер бийлик менен сүйлөшүүгө барсам укук коргоо органдары чакырбайт эле да",- деди Бабанов Би-Би-Сиге.
Мындан эки жыл мурда болгон президенттик шайлоо кызыган маалда Бабановдун Ош шаарынын калкы менен жолугушууда сүйлөгөн сөзү бир топ талкуу жараткан. Ошондо УКМК "улут аралык кастыкты козутуу" жана "бийликти басып алууга даярдык көрүү" деген беренелердин негизинде кылмыш ишин козгогон. Шайлоо бүткөндөн көп узабай ал саясатты жыйыштырганын айтып, Орусияга кетип калган эле.
Бабановдун өлкөгө кайтып келери белгилүү болгондо, УКМК мыйзам алдында жооп берет деп билдирүү тараткан. Саясатчы Кыргызстанга 9-августта келип, аны "Манас" эл аралык аэропортунан ондогон тарапташтары тосуп алган эле.
"Саясий кырдаал - Бабановго түзүлгөн мүмкүнчүлүк"
Талдоочулардын айтымында, Кыргызстанда болуп өткөн соңку саясий кырдаалдардан улам регионалдык жиктешүү маселеси курчуй түшкөнүн байкоого болот. Андыктан аймактык тең салмакты бузбаш үчүн Бабановго бийлик кескин чара көргөнгө барбайт дейт эксперт Марс Сариев:
"Туруксуз абалдын жаралышы Өмүрбек Бабановдун кайтып келиши үчүн чоң мүмкүнчүлүк түзүп берди. Түндүк-түштүк маселеси курчуп кетпеши үчүн бийлик дагы Бабановду саясий процесстердин амортизатору катары кармаганга мажбур. Жаралган жагдайдын логикасы каалоодон дайыма жогору турат. Андыктан бардык суроолор Бабановго карата катуу чара көрүлбөстөн аягына чыгат деп ойлойм".

Сүрөттүн булагы, AFP
Өмүрбек Бабанов 2017-жылы өткөн президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун эң башкы атаандашы болгон. Дебаттарда Жээнбеков " Өмүрбек Бабановго коррупция менен күрөштү сенден баштайм" деп айтканы көпчүлүктүн эсинде калды.
Шайлоо жарышы учурунда анын коңшулаш Казакстандын президентине барып жолукканы, кыргыз-казак мамилесин бир топ чыңалткан. Ошол кездеги казак президенти Нурсултан Назарбаев Өмүрбек Бабановду кабыл алып, колдоо көрсөткөнүн Ак-Ордонун сайты жазып чыккан. Ошондон кийин расмий Бишкек бул эгемен өлкөнүн ички ишине кийлигишүү болуп жатат деп казак элчисин чакыртып, каршылык нотасын тапшырган.
Саясатка кайтып келеби?
Бабанов буга чейин дагы бир нече жолу саясаттан кеткенин жар салып, бирок кийин кайра кайтып келип, керек болсо чоң кызматтарды ээлеген. Бул жолу дагы ал өлкө бийлиги менен сүйлөшүү жолуна барып, атүгүл өкмөт башчылыкты бутап жатат деген дагы пикирлер айтылууда.
"Бийлик Бабановдой көрүнүктүү фигуранын жогорку кызматка келишин каалабайт. Болгондо дагы ал шайлоодо президенттин эң негизги оппоненти болгон. Бирок бул жерде тараптар чектен ашып кетпегендей сүйлөшүүлөргө барган болушу мүмкүн. Бабанов ишкер, андыктан оюндун эрежелерин сактоого аргасыз. Анын жоготуп алам деп кооптонгон бизнестери бар. Бийликке болсо азыркы абалды турукташтырып, Атамбаевди толук кандуу нейтралдаштыруу үчүн бул керек болгон",- деди Марс Сариев.
Баракча ачылбайт
Facebook баракчадан көбүрөк пост окууБи-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жооптуу эмес.Facebook посттун аягы
Кыргызстандын саясатчыларына ишенип болбойт деген айрым серепчилер Бабанов кайрадан саясатка кайып келе турганын айтышат. Ал оппозиция альянсын колго алууга аракет кылат дейт саясий илимдердин кандидаты Чолпобек Сыдыкбаев.
"Келе жаткан парламенттик шайлоодо бул негизги саясий күч катары сөзсүз катышып, парламентте өз ордун тапкандан кийин өкмөт башчылыкка умтулушу мүмкүн".
Орусиянын таасири
Учурда Орусиянын Кыргызстанга болгон таасири Ак падыша учурундагындай экенин айткан кээ бир серепчилер, Бабановдун кайтып келишинин артында Кремлдин кепилдиги жатат деп жатышат. Алардын баамында, Москванын колдоосу жок болсо, кыргыз бийлигине ишенип саясатчы мындай кадамга бармак эмес. Ал эми Орусияга келечекте энергетика, тоо кен тармагы, темир жол, сыяктуу өзүнүн инфраструктуралык долбоорлорун жылдыруу үчүн кепилдик берүүчү фигура керек дейт алар.




























