Аида Исмаилова: дарыгерлердин вирус жуктурушунун бир себеби иммунитет түшкөнүндө

Сүрөттүн булагы, Official
- Author, Азиза Марат кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
- Published
Көп мамлекеттер суук сезонго камданып, мисалы, Британия сасык тумоо менен коронавирусту өзүнчө аныктай турган тесттерди даярдап жатат. Ооруп жакшы болгондордун иммунитети үч айда жок болуп кеткенин окумуштуулар айтышты. Айрым өлкөлөрдө коронавирстун экинчи, үчүнчү толкуну каптады. Кыргызстанда экинчи толкун күз айларына туура келиши мүмкүн деген пикирлер бар.
Вице-премьер-министр Аида Исмаилова алдыга карай чаралар тууралуу Би-Би-Синин айрым суроолоруна жооп берди. Андан адегенде эпидкырдаал боюнча прогноз барбы деп сурадык.
Аида Исмаилова: Саламаттык сактоо министрлигинин базасында мамлекеттик орган өкүлдөрүнөн жана окумуштуулардан турган илимий-консультативдик эксперттик кеңеш түзүлгөн. Анын максаты алдыдагы эпидемиологиялык абалды болжолдоо. Сценарий оптимисттик, базалык жана пессимисттик болушу мүмкүн. Алар ошондой эле күз-кыш мезгилинде COVID-19 жуктуруп алуу санын, инфраструктуранын, медициналык жардамга муктаждыктын көлөмүн божомолдойт.
Учурда аталган топ күз-кыш мезгилине карата негизги сценарийлерди иштеп чыгууда.
Азыр республика аймактарында эпидемиологиялык абал туруктуу, ооругандардын 77,9% айыгып чыккан.
Би-Би-Си: Суук сезондо азыркы көп орундуу стационарлардын милдетин эмне алмаштырат?

Сүрөттүн булагы, Official
Аида Исмаилова: Өкмөт тарабынан 2020-2021-жылдын күз-кыш мезгилине даярдык боюнча иш-чаралар планынын долбоору иштелип чыккан. Анда «Семетей» госпиталын 1000 орундуу жугуштуу оорулар ооруканасы катары түзүп чыгуу тууралуу камтылган. Мындан тышкары, Бишкек, Ош, Нарын шаарларында жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу, аймактардагы 9 саламаттык сактоо обьектилерин капиталдык оңдоп-түзөө жана кайрадан түзүп чыгуу каралган.
Би-Би-Си: Эмне үчүн тест жүргүзүү көбөйтүлбөй жатат?
Аида Исмаилова: Бишкекте ооруканадан тышкаркы пневмонияга байланыштуу кырдаал көрсөткөндөй, коронавирустук инфекциянын симптомдору бар оорулуулардын анализдери терс чыгып жатты. Натыйжада, лабораториялык тастыкталган жана тастыкталбаган бейтаптардын статистикасы бириктирилди. Ушу тапта өлкөдө ооруну аныктоочу 13 ПЧР лабораториясы иш алып барууда.
Региондордо абал кандай, канчасы ооруп бүттү, эми башталып жатабы же эпидемянын туу чокусуна жеттиби?
Акыркы суткаларда республика боюнча стационарлардан 589 бейтап айыгып чыккан. Анын ичинде Бишкекте - 104, Ош шаарында - 55, Чүй областында - 84, Ош областында - 98, Талас областында - 15, Нарын областында - 27, Ысык-Көл областында - 76, Жалал-Абад областында - 68, Баткен областында 62 оорулуу айыкты.
6-августка карата жалпы 30 099 адам жакшы болду.
Би-Би-Си: Үйүндө ооруп жаткандар жана каза болгондор боюнча эсептөөлөр жүргүзүлөбү?
Аида Исмаилова: Саламаттык сактоо министрлиги ооруну эки жол менен аныктап жатышат. Биринчиси активдүү ыкма - вирусту жугузгандар менен байланышта болгондорду медкызматкерлер үймө үй кыдырып аныктап жатышат. Бул негизинен Бишкектин тегерегиндеги конуштар менен чет жерден келгендердин арасында жүрүүдө. Пассивдүү жолу - медициналык жардам үчүн кайрылгандар, тез жардам жана мобилдүү бригада чакыргандар.

Сүрөттүн булагы, Official
Каза болгондорду эсепке алуу боюнча, бардык окуялар эске алынат, анткени, каза болгондордун денеси иликтенип, өлгөндүгү тууралуу күбөлүк берилет.
Би-Би-Си: Эмне үчүн медкызматкерлер дагы деле ооруп жатат? Санэпидем эрежелерин уюштурууда өзгөрүүлөр болобу?
Аида Исмаилова:Медициналык кызматкерлер арасында 6-августка карата бир сутка ичинде 37 киши вирусту жаңы жуктурганы катталды. Ош шаарында - 13, Ош областында - 2, Баткен областында - 6, Жалал-Абад областында - 13, Ысык-Көл областында - 2, Нарын областында - 1. COVID-19 диагнозу аныкталган медициналык кызматкерлердин жалпы саны - 2911, анын ичинен бир сутка ичинде стационарлардан 5 медкызматкер айыгып чыккан. Мындан тышкары, үйдө обочолонуудагы 34 медкызматкер айыкты. Жалпысынан республика боюнча 1973 медкызматкер сакайды.
Медициналык кызматкерлердин оору жугузуп алуусунун негизги себептеринин бири кесиби менен байланышкан. Алар вируска кабылган бейтаптарды алгачкылардан болуп кабыл алат, ошол эле учурда алар ооруга чалдыкканын билишпейт. Дагы бир себеби медкызматкерлер да коомдун мүчөсү катары коомдук унааларда, дүкөндө, базарда, коомдук жайларда, үй-бүлөдө жуктуруп алышы мүмкүн. Медициналык кызматкерлердин да өнөкөт оорулары болушу ыктымал. Коронавирустук инфекцияга каршы 12-18 сааттык иш учурунда организм кыйынчылыкка дуушар болуп, иммунитет алсызданып, инфекцияга алдырышы мүмкүн. Медициналык кызматкерлердин айлык акысынын аздыгы иммунитетти тийиштүү деңгээлде кармап турууга, күнүнө витаминдерди, минералдарды жана башка пайдалуу азык-түлүктү пайдаланууга мүмкүндүк бербейт.





























