Пандемия шартында кыргызстандыктар шайлоого катышабы?

Шайлоо
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Соңку сурамжылоого ылайык, добуш берүүчүлөрдүн 76% шайлоого катышууга даяр
    • Author, Элеонора Сагындык кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
  • Published

Кыргызстанда шайлоо алдындагы жарандардын саясий маанайын иликтеген сурамжылоо өттү. Ага ылайык, добуш берүүчүлөрдүн 76% шайлоого катышууга даяр, ал эми 60% коронавирус пандемиясына карабай шайлоо өз убагында өтүшүн колдойт.

"Erfolg Consult" компаниясы июнь айында жүргүзгөн сурамжылоого 1500 адам катышкан. Андагы негизги максат - пандемия шайлоочулардын активдүүлүгүнө канчалык таасир эткенин аныктоо болду.

"Эгер шайлоо эртең боло турган болсо, кимге добушуңарды берет элеңер деген суроо болду. Жоопторду талдай келгенде, эң көп "эч кайсы партияга" деген жооп болду. Андан кийин эле "билбейм" деп жооп берип жатышты. Сурамжылоодо адамдар мурунтан белгилүү партиялардын атын атап атышты. Мисалы, КСДП, "РАЖ", "Ата Мекен", "Бүтүн Кыргызстан" жана башкалар. Жаңы партияларга талап болгону менен аларга карата колдоо анча көп эмес болду. Азыр шайлоочулар үчүн тандоо абдан оор болуп турат. Мурдагы шайлоолордо кайсы партия бийликчил, кайсынысы оппозиция, реваншистери ким белгилүү эле. Азыр шайлоочулар үчүн антип ажыратуу оор болуп калды. Андыктан партиялар өз программалары тууралуу шайлоочуларга болушунча көбүрөөк маалымат бергенге аракет кылуусу керек",- деди сурамжылоону уюштурган "Общее дело" коомдук уюмунун жетекчиси Аида Сүйүндиева.

Сурамжылоого ылайык, шайлоочулар Жогорку Кеңештин кийинки курамы билимдүү, жаш жана элдик депутаттардан турса деген үмүтүн айтышкан. Ошондой эле, аялдардын көбүрөөк депутат болуп келүүсүн каалашат.

Шайлоо
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Шайлоочулар жаңы парламент алдындагы негизги милдет катары коррупцияны жок кылуу деп аташты

Шайлоочулар жаңы парламент алдындагы негизги милдеттер деп: коррупцияны жоюу (19,3%), завод-фабрикаларды ишке киргизүү (13,5%) , жумушсуздукту кыскартууну (11,5%) аташты.

Мамлекеттик чек ара, соттордун ачык-айкындуулугу, коронавирус талкалаган экономиканы көтөрүү да шайлоочуларды ойлонткон негизги маселелер экени аныкталды.

Иликтөөгө 530 шаар тургундары, 970 айылдык жарандар катышкан. Бишкекте серепчилер бул сурамжылоонун алкагында келе жаткан парламенттик шайлоонун өзгөчөлүктөрүн, коронавирус кризисинен кийинки шайлоочулардын маанайын талкуулашты.

"Шайлоонун аны менен кошо өлкөнүн тагдырын кимдер чечет деген чоң суроо турат. Добуш берүү укугу бар адамдардын көпчүлүгү шайлоого келишпейт. 2015-жылы парламенттик шайлоо өтүп, 3 миллион 400 миңдин тегерегинде шайлоочу болсо, анын 1 миллион 700 миңге жакыны келип добуш беришкен. 2017-жылы президенттик шайлоодо деле 1 миллион 700 миңдин терегеринде киши катышкан. Бул шайлоодо деле ошончо шайлоочу добуш берүүгө катышат. Эми алардын жарымы партияны тандап, ага күйүп, жарандык аң-сезим менен добуш беришет. Тилекке каршы, калган жарымынын мотивациясы башка. Алар материалдык, жеке кызыкчылык менен добуш бергендер. Чынын айтканда, ушул топ шайлоонун жыйынтыгын аныктап, кайсы партия өтөт чечип калып атат. Булар жалпы шайлоочулардын 25% түзүп атат" -деди Улуттук стратеялык илимий изилдөө институнун башчысы Эмилбек Каптагаев.

Учурда саясий партиялар жарыша курултайларын өткөрүп талапкерлер тизмесин Боршайкомго тапшырып, жатышат. Айрымдары тизмелерин коомчулукка да жарыялап турган чагы.

Бул шайлоолордун өзгөчөлүгү партиялардын дээрлик бары катарын жаштар менен толуктап, тизмеде алдыңкы орундар жаңы жүздөр менен башталып жатат.

Шайлоого жакын партия алмаштырып, бир жээктен экинчи жээкке өткөндөр көп болуп, шайлоочулардын кайсы партияга добуш берерин билбей маң болуп жатканыны себеби да ушунда.

"Шайлоочу бул жолу кайсы партияга добуш берет айтуу кыйын болуп турат. Мындай көрүнүш 2010-жылы орун алды эле. Анда да бийлик партиясы ким экени так болбой, баш-аламандык болгон. Бирок анда саясий талаада ыңкылапчы, реваншисттер деген так ажырым бар эле. Шайлоочу булардын кимине добуш берет тандоо бар эле. Бирок 2020-жылы сурамжылоо көрсөткөндөй 80% адамдар кимге добуш берерин билбейт экен. Бул эми июндагы иликтөө болгон, анда саясий партиялар жандана элек болчу. Азыр балким бул суроого жооптор кеңири болмок беле", -деди саясат талдоочу Медет Түлегенов.

Шайлоого байланыштуу дагы бир орчундуу маселе бул - пандемия шартындагы коопсуз добуш берүү камсыздалабы суроосу. Иликтөө көрсөткөндөй жарандардын 17,2% өз саламаттыгына кооптонуп шайлоого такыр эле катышпоо чечимин билдиришкен.