Би-Би-Сиде кызыктуу сынак: Британия тууралуу эмне билесиз?

Лондон
Published

Би-Би-Си Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын студенттери арасында "Сиз Британия тууралуу эмне билесиз?" деген интерактивдүү телевикторина өткөрөт. Сынакка окуу жайдын атынан үч студенттен турган бир команда катыша алат.

Тандоо туру ушул жылдын 28-августуна чейин жүргүзүлөт. Сынакка катышуунун каалаган командалар Британия менен Кыргызстандын окшош жактарын кыска жана кызыктуу айтып бериши керек. Жообуңузду видеого тартып, (+996) 779 930 946 номуруна WhatsApp аркылуу жөнөтүңүз. Тандоо турундагы видео жооптор Би-Би-Синин коомдук сайттардагы баракчасына жарыяланат.

Экинчи айлампа 28-августтан 2-сентябрга чейин өтүп, тандалып алынган командалар өздөрү окуган окуу жай тууралуу кыска видео презентация сунуштайт. Видеонун узундугу эки мүнөттөн ашпашы керек. Би-Би-Си Кыргыз кызматы экинчи баскычты радио берүүлөрү аркылуу дагы чагылдырып турат. Командалардын эң кызыктуу презентация жасагандары финалдык баскычка жолдомо алат.

Финалдык оюн 5-сентябрда Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын студиясында өтүп, толугу менен телеге тартылат.

Жеңүүчүлөрдү англис тил курстарына жолдомо, планшет жана смартфондор ж.б. баалуу белектер берилет. Чамдагыла, студент достор!

bbckyrgyzservice@gmail.com электрондук дареги, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын "Фейсбук" жана "Твиттер" баракчаларыбыз жана WhatsApp аркылуу дагы байланышсаңыз болот.