Ошто шайлоого даярдык жүрүүдө

 Ош шаар Кеңешиндеги 45 мандат үчүн сегиз саясый партиядан 696 талапкер көрсөтүлгөн
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ош шаар Кеңешиндеги 45 мандат үчүн сегиз саясый партиядан 696 талапкер көрсөтүлгөн
Published

Кыргызстандын Ош шаарында 4-мартта өтөөрү күтүлүп жаткан шаардык Кеңшетин депутаттыгына шайлого даярдыктар көрүлүүдө. Шаардык шайлоо комиссиясы Ош шаар Кеңешиндеги 45 мандат үчүн сегиз саясый партиядан 696 талапкер көрсөтүлгөнүн билдирди.

Ош шаардык Кеңешине боло турган алдыдагы шайлоо аймак тургундары үчүн да, жалпы эле өлкөдөгү саясий топтор үчүн да чоң кызыкчылыктарды жаратып турган учуру. Мындан ары шаардын мэрин бул Кеңеш дайындаары да шайлоонун курч атаандаштыкта өтүшүн шарттап жатат дейт серепчилер.

Ош шаардык Кеңешине биринчи жолу партиялык тизме менен шайлоо өткөрүлгөнү жатат.

Азырынча партиялардын ичинен алдыңкы деп “Улуттар биримдиги” жана “Республика” КСДП аталууда.

Ал эми “Бүтүн Кыргызстан” жана “Ата-Журт” партиялары “Улуттар биримдигин” колдоп чыгышаарын ачыктаган. Бул партияны шаардын азыркы жетекчиси Мелис Мырзакматов жетектейт деп да айтылып жатат.

Ош шаары өлкөдөгү эң ири шаарлардын бири. Шаарды Кыргызстандын борбору кылуу демилгелери жыл сайын ар кайсыл саясый топтор тарабынан көтөрүлө калып жүрөт. Бир нече жыл мурун бир катар мамлекеттик мекемелер Ошко көчүрүлгөн эле.