«Альфа телеком» компаниясындагы коррупция боюнча иш козголду

Published

Кыргызстанда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет өлкөдөгү эң ири уюлдук оператор «Мегакомго» ээлик кылган «Альфа телеком» компаниясын текшерип, компания жетекчилигин коррупция менен айыптап, кылмыш ишин козгоду.

“Альфа телеком” компаниясы өткөн жылы ири суммадагы акчаларды мыйзамсыз жумшап, мамлекетке 142 млн сом зыян келтирген деп айтылууда. Улуттук коопсуздук боюнча комитеттин антикоррупциялык кызматы бүгүн аталган компанияда тинтүүлөрдү жүргүздү. Компаниянын айрым жетекчилерине каршы кылмыш иш козголду.

“Альфа телеком” компаниясы өлкөдөгү эң ири уюлдук оператор “Мегакомго” ээлик кылат. Бул компаниянын акцияларынын 49 пайызын өткөн жылы апрель революциясынан кийин келген бийлик мамлекетке алып, 51 пайызын ээси аныкталганга чейин камакка алып койгон.