Таласта геологиялык лагерди өрттөгөндөр жеңил жазаланышы мүмкүн

Published

"Талас Copper Gold" компаниясынын геологиялык лагерине кол салгандарга сот чечими чыгар алдында турат. Аталган компания соттолуп жаткан балдарга жеңил жаза берүүнү өтүнүп, алар келтирген материалдык зыянды кечкенин билдирүүдө.

Талас райондук соту. Геологиялык лагерге кол салгандар сотто жооп берүүдө.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Талас райондук соту. Геологиялык лагерге кол салгандар сотто жооп берүүдө.

Бир эле учурда башка жактагы чет элдик компанияга, Нарын районунда Солтон-Сары алтын кенин иштетип жаткан кытайлык компанияга каршы жаштар жол тосуу акциясын өткөрүүгө камынышууда. Жергиликтүү элдин өкүлдөрү алтын компаниялары өздөрүнүн экологиялык-социалдык программаларын жеткире ишендире албай жатышканын белгилешүүдө.

Талас райондук соту "Талас Copper Gold" компаниясынын геологиялык лагерине кол салуу фактысы боюнча козголгон ишти карап дээрлик бүтүп калды. Сот өкүмү 31-январда чыкмакчы.

"Талас Copper Gold" компаниясы соттолуп жаткан тогуз адамга камак менен байланышпаган жеңилдетилген жаза берүүнү суранып жатат.

“Соттолуп жаткан балдардын абалын бир сыйра изилдеп көрүп, ата-энесинин акыбалы оор экенин эске алып, алардын өзүнүн жаштыгын эске алып, алар келтирген материалдык зыянды кечип, кечирип атат”,-деди Нурлан Атаканов, Талас-copper gold компаниясынын Таластагы офисинин жетекчиси.

Соттолуп жаткандар сот алдында акыркы сөзүн сүйлөшүп, күнөөлөрүн моюнга алышты. Алардын укуктук коргоочусу чет элдик инвестор жергиликтүү эл менен жакшы иштебегендигинин натыйжасында каршылык болуп жатканын баса белгилеп, геологиялык лагерге кол салуунун дагы төркүнү ушул жакта экенин айтты. Айткандай эле соттолуп жаткандардын бири Көчөков Урмат өз кезегинде компаниянын иши жөнүндө жеткиликтүү маалымат билбегендиктен кол салууга катышканын билдирди.

“Биз ал жерге өрттөп сабайлы деп барган эмеспиз. Жерибизге зыян келет деп угуп барганбыз. Бир чети жаштык кылып жаңылдык. Бир кезде бул компания да туура эмес иштерди кылышкан. Эл менен жакшы байланышпагандыктан бизде компаниянын иши жөнүндө толук маалымат болгон эмес”,-деди Көчөков Урмат.

Таластын Арал айылындагы алтын кенинде геологиялык чалгындоо жүргүзүп жаткан инвестор Gold Fields компаниясы Түштүк Африкада катталган, дүйнөдө төртүнчү орунда турат, жылына 120 тонна алтын өндүрөт.

Анын Таластагы ишканасына өткөн жылы эки жолу кол салуу болгон. Биринчиси март айында, экинчиси октябрь айында. Экинчи жолу айылдагы атчан адамдар геологиялык лагерге кол салып, күзөтчүнү сабап, андагы мүлктү өрттөп жиберишкен. Эки жолу тең компания зыянды өндүрүүдөн баш тартты. Кыязы аталган ишкана жергиликтүү эл менен каршылашып калуудан сактанып жатса керек.

Ушундай эле каршылык өлкөдөгү кен казган же чалгындаган башка чет элдик компанияларга да болуп жатат. Нарындагы Солтон-Сары алтын кенинде чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан кытайлык компаниянын лагерине өткөн жылы кол салуу болуп, геологдорун уруп сабап кетишкен.

Аталган окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө. Бирок Нарында жергиликтүү жаштар кытайлык компанияга каршы жаңы акция өткөрүүгө камынып жатышканы белгилүү болду. Февраль айынын башында аталган райондогу эки айылдын жаштары Бишкек-Торугарт жолун бөгөп, кытай компаниясын чыгарууну талап кылышмакчы. Бул акцияга жети жүздөй адам, жүздөн ашык автоунаа менен катышары пландаштарылууда.