“Альфа Телеком” жетекчилиги эки айга камакка алынды
“Мегаком” уюлдук операторуна ээлик кылган “Альфа Телеком” компаниясынын баш директору Азамат Мурзалиев жана кеңешчиси Алмаз Абеков, алар менен кошо “Новострой Сервис” коомунун башчысы Аман уулу Кенжебек эки айга камакка алынды.
Бишкектин Биринчи Май райондук соту аталган компаниядагы каржылык мыйзам бузууларды тергөө иштеринин убагында алардын башка коргоо чарасын ушундай чечти.
Улуттук Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Коррупцияга каршы күрөш кызматы “MegaCom” ишканасын текшерип чыгып, мыйзамсыз чарбалык операциялардын натыйжасында мамлекетке 142 млн. сомдон ашык зыян келтирген деген негизде кылмыш ишин козгогон.
“Мегаком” ишканасы кадимки иш режиминде иштеп жатканын билдирүүдө. Компания жамааты өз кезегинде президентке, премьер-министрге жана Жогорку Кеңештин төрагасына кайрылып, Азамат Мурзалиев баштаган жаш менеджерлер компанияны өнүктүрүүгө көп күч-аракет жумшаганын белгилешип, ишти акыйкат кароону суранышууда. Алардын пикиринде камакка алынган жетекчилер компанияны колуна алууну көздөгөн күчтөрдүн курмандыгы болду жана компетенттүү органдар мунун аныгына жетиши керек.
“Альфа телеком” компаниясы өлкөдөгү эң ири уюлдук байланыш оператору “Мегакомго” ээлик кылат. Бул компаниянын акцияларынын 49 пайызын 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин келген бийлик мамлекетке алып койгон. Ал эми 51 пайызы ээси аныкталганбагандыктан мамлекеттин карамагында камакта турат.

























