Июнь окуясын кайра иликтөө маселеси көтөрүлүүдө

Кыргызстанда Жогорку Кеңеш 2010-жылдагы апрель-июнь окуяларын талкууга алууда. Парламентте бул окуяларды иликтеген депутаттык комиссиянын жана укук коргоо органдарынын маалымат угулду.
2010-жылдагы апрелде миңдеген кишилер мурдагы президент Бакиевдин режимине каршы чыгып, өкмөттүк күчтөрдүн огунан 90го жакын киши окко учуп, жүздөгөн кишилер жарат алган.
Ушул эле жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абадда болгон улут аралык кагылышууда төрт жүздөн ашуун киши көз жумган. Миңден ашууну ар канджай жаракат алышкан. Бул кайгылуу окуяларды бир нече комиссия иликтеп, анын ичинде улуттук, парламенттик жана эл аралык комиссиялардын тыянагы көптөгөн талкууларды жараткан эле.
Соңку учурда парламенттеги бир катар саясий күчтөр бул окуяны кайрадан иликтеп чыгуу маселесин көтөрүүдө. “Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев менен Адахан Мадумаров июнь окуяларына объективдүү баа берүүгө бардык саясий элитаны жана илимий-чыгармачылык интеллигенциянын өкүлдөрүн чакырууда.
Жогорку Кеңеш апрель-июнь окуялары боюнча токтомдун аткарылышын 20-апрелде кайра кароо тууралуу чечим кабыл алды. Парламенттин токтомунда 2010-жылдагы кандуу окуяларга саясий баа берүү, коогалаңга жол берген жетекчилер менен ага күнөөлүү адамдарды аныктоо тапшырмасы тиешелүү органдарга берилген болчу.
Жогорку Кеңештин бул 35 пунктан турган токтому толук аткарылбай жатканына сын пикир айткан депутаттар тапшырмаларды толук иш ашыруу үчүн өкмөт менен укук коргоо органдарына апрель айына чейин убакыт беришти.

























