Кумтөрдө иш таштоо токтотулабы?

Published

Кумтөр алтын кенинде иш таштаган жумушчулар менен компания жетекчилиги Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар агенттигинин ортомчулугу аркасында компромисстик чечим издеп жатышат.

Бүгүн Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар агенттигинде болгон кеңешмеде Кумтөр алтын кениндеги түзүлгөн кырдаал талкууланды. “Бардык чырдашкан тараптар өздөрүнүн позициясын мүмкүн болушунча жакындатып компромисске келүүгө тийиш”,-деп баса белгиледи аталган агенттиктин жетекчиси Учкунбек Ташбаев.

Тоо-кен металлургия тармагынын профсоюзу уюмунун төрагасы Элдар Тажибаевдин айтымында, иш таштаган жумушчулар компания жетекчилерине талашты эмгек акыны көтөрүү жолу менен чечүүнү сунушташты.

“Биз сунуш киргиздик. Эмгек акыны чыгымдарды компенсациялай турган тийиштүү пайызга көтөргүлө дедик. Андан кийин өндүрүштүк сыйлыктар төлөнсүн дедик. Ошондой эле экинчи талабыбыз, каза болгон жумушчунун үй-бүлөсүнө сот чечимине ылайык акча төлөнсүн деп жатабыз”,-деди Элдар Тажибаев.

Кумтөр алтын кениндеги жумушчулар 7-февралда мөөнөтсүз иш таштоо акциясын башташкан. Алар компания 2012-жылдан баштап эмгек акыдан Социалдык фондко милдеттүү төлөмдөрдү кармап жаткандыктан эмгек акысы азайып калганына нааразы болуп ошол айырманы төлөп берүүнү талап кылышууда. Жумушчулар ошондой эле көп жылдар бою төлөнбөй келген райондук коэффициенттин камсыздандыруу төлөмдөрүн да төлөп берүүнү талап кылышууда.

Кумтөр компаниясы жумушчулардын талабын мыйзамсыз деп алардын үстүнөн сотко кайрылып жатканын билдирген.