Жогорку Кеңештин Кумтөрдү кайтарып алуу ниети
Жогорку Кеңеш Кумтөрдү чет элдик компаниядан мамлекеттин карамагына алуу жөнүндө маселени кароодо. Депутаттык комиссия мамлекет олчойгон кирешеден кол жууп, чет элдик компания экологияга чон зыян келтирип жатканы жөнүндө билдирүү жасады.
Кумтөр алтын кенин иштетип жаткан канадалык компаниянын ишин иликтеп текшерип келген депутаттык комиссия көп маселенин башын алып чыкты. Анын ичинде ишкананын экологияга келип жаткан зыянынан тартып, онкологиялык оорулар көбөйгөнү, мамлекет үчүн көп мүмкүнчүлүктөр колдон чыгып кетип жатканы, олчойгон пайданы негизинен чет элдик компания гана көрүп жатканы айтылды. Комиссиянын сунушу боюнча аталган алтын кенин мамлекетке алып, аны мамлекеттик компанияга өткөрүп берүү жөнүндө токтомдун долбоору каралууда.
Депутаттык комиссия башчысы Садыр Жапаров бул маселеде эчтекеден коркпой, жалтактабай чечкиндүү болууга депутаттарды чакырууда.
“Мисалы азыр айрым саясатчылар, министрлер биздин аброюбуз түшүп кетет деп атат. Биздин бир жарым миллиард долларлык акциябыз бар деп жатышат. Биз ага карабашыбыз керек. Биздин азыр Кумтөрдө кырк миллиард доллардык алтыныбыз бар. Бир жарым миллиард маа десе нөлгө түшүп калсын. Эмне кереги бар ал алтындын ушундай катастрофага алып келип жаткан болсо. Бир жарым миллиард доллар акциябыз бар деп отурабыз. Ал кагаз жөн эле. Андан көрө өзүбүз казып, экологияны калыбына келтиргенге жумшабайлыбы ошону”,-деп сүйлөдү Садыр Жапаров.
Депутаттык комиссия мүчөлөрү алтын кендеги тоо арасындагы уулу заттар көмүлгөн жай жайында эрип, жер асты менен башка жактан агып чыгып жайыла турган коркунучу бар экенин, топурак менен суунун курамында уулуу заттардын үлүшү нормадан бир нече эсе көп болуп кеткенин мисал келтирүүдө.
Ал эми экономикалык жагына алганда, Кумтөр кени иштеп баштаган он төрт жылдан бери канадалык компания 3 миллиард 387 миллион доллар пайда көргөнү, ал эми кыргыз өкмөтү көргөн пайда болгону 342 миллион доллар экени айтылды. Депутаттар эмне үчүн ушундай теңсиздикке жана чоң айырмачылыкка жол берилди деп мунун баарына мурдагы качып кеткен башкаруучулардын коррупциялашкан саясатын күнөөлөп жатышат.
“Акциянын ичинде Акаевдин жети пайыз акция бар деп айтылып жүрөт. Бакиев да алган деп жүрүшөт. Президенттердин баарын ушул Кумтөрдүн акциялары менен багып атабыз”, -дейт депутат Максат Сабиров.
Жумушчу топтун ичиндеги эл аралык укук маселелери боюнча топтун жетекчиси Марат Каипов парламент жыйынында 2009-жылы ЖК бекиген келишимден кыргыз өкмөтүнө каршы келген толтура жерлерин таап чыкканын жана аны жокко чыгаруунун кандай укуктук жолдору бар экендигин билдирди:

Сүрөттүн булагы, b
“Биз ошол келишимдин кыргыз элин тоноочулук менен түзүлгөн ондон ашык жерин аныктадык да жазып бердик. БУУдан дагы жооп алдык, алардын базасында бул эл аралык келишим катары катталган эмес. Биз Конституциянын, Вена конвенцясынын жана өзүбүздүн мыйзамдын негизинде аны жокко чыгарып койсок болот, эл аралык келишим катары туура эмес катталып калган деген негизде”.
Кумтөр компаниясынын директорлор кеңешине Кыргызстан тараптан мүчө болгон Алдашев менен Ибраевге толтура суроолор болду. Депутаттар алардын айына 752 миң сом же 16 миң доллар эмгек акы аларына чейин чукушуп, эмне үчүн Кыргызстан тараптын кызыкчылыгын жакшы коргобой жатат деп сынга алышты. Алар өз кезегинде Кумтөр алтын кенинен мамлекеттин казынасына түшкөн пайданын көлөмү жылдан жылга көбөйүп жатканын жүйөө тартышты, алардын айтымында түшкөн пайда 2010-жылы 150 млн доллар, 2011-жылы 210 миллион доллар болгон.
Премьер-министр Өмүрбек Бабанов маселени шылый чаап салуу ыкмасы менен чечүүгө каршы экенин айтып, экологияга келип жаткан зыянды эл аралык эколог адистерин чакырып так текшерип чыгып, ошондон кийин гана компанияга доо коюну сунуш кылды.
“Ошондой зыян болсо, биз компанияга доо коюшубуз керек. Алар зыянды төлөп бериши керек же акция түрүндө өткөзүп бериши керек. Ошондой кадамдарга барышыбыз керек. Кылдаттык кадам менен барышыбыз керек. Бир күндө эле бара калып, баса калып жокко чыгара калгандай бул фабрика эртең бир жакка көчүп кетип жаткан жок да”,-деди премьер-министр.
Центерра компаниясы өз кезегинде кен казууда цианид сыяктуу уулуу заттарды кандай коопсуз колдонуп жатканын эл аралык уюмдар текшерип чыгып, БУУнун стандарттарына төп келген сертификат бергенин айтып мактанып келатат.
Кумтөр алтын кени жөнүндөгү маселени караганды Жогорку Кеңеш жума күнү кезексиз жыйында улантат.





























