Иран АКШнын базаларын бутага алаарын дагы бир ирет эскертти

Американын аскерий объектиси Кыргызстанда 2001-жылдан бери жайгашып келет
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Американын аскерий объектиси Кыргызстанда 2001-жылдан бери жайгашып келет
    • Author, Назгүл Коңурбаева
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын Бишкектеги кабарчысы
  • Published

Иран сырттан кол салуу боло турган болсо, американын 35 аскер базаларына ракеталык сокку уруп жооп кайтарууга даяр. Бул туурсаныда иран генералы Амир Али Хаджизаденин айткандарына таянып ИТАР-ТАСС, Фарс баштаган бир катар агентиктер жазып чыкты.

Генерал Хаджизаде, биз кол салуу болоор замат базалардын баарын жок кылуу чараларын ойлонуштурдук, бул базалардын баарына биздин ракеталар жете алат, деп айткан.

Иран бийликтери сырткы күчтөрдүн чабуулуна токтоосуз жооп кайтараарын буга чейин эле эскертип келген. Өткөн айда эле Тегеран расмийлери эгер АКШ ирандын өзөктүк объектилерин бутага ал турган болсо, америкалык базаларга сокку уруу менен жооп кайтараарын эскерткен.

Кыргызстан Иран менен АКШнын мамилелерине дыкта көз салууга аргасыз. Анткени бул өлкөдө Ооганстандагы аскерий операцияларга көмөк көрсөткөн мурдагы АКШ базасы, азыркы транзиттик борбор жайгашкан.

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев чет элдик аскерий базалардын болушу өлкө коопсузудуга коркунуч келтирет деген жүйө менен Бишкектеги америкалык транзиттик борборду 2014-жылы жаба турганын айтып келет.

Бирок Кыргызстанда бир катар саясий күчтөр, атуулдук уюмдар америкалык аскерлерди токтоосуз чыгарууну талап кылып келишет. Буга чейин көбү эсе америкалык самолеттор экологияга олутту зыян келтиргеинин жүйө кармашса, соңку кездери Иран АКШ мамлеси чыңалып жаткан маалда Кыргызстан бул борбордун запкысыны тартып калуу коркунучунда дешет.

Коопсуздук иштери боюнча эксперт Орозбек Молдоалиев АКШ менен мамилеси солгундаган Иран Кыргызстанды бутага алышы мүмкүн деген кооптонууга негиз жок дейт:

“Иран бир эле Бишкектеги базага эмес, американын башка объектилерине деле сокку ураары күмөн. Бул жөн гана американын кысымын азайтуу үчүн иран расмийлери опозу көрсөтүүдө. Анын үстүнө биз Шанхан кызатташтык уюмуна мүчөбүз, Иран болсо ал жерде мүчө. Экинчиден, эгер Иран бизге кол сала турган болсо Жамааттык коопсуздук келишимин уюмунун усатвы боюнча бүтүндөй ЖККУ өлкөлөрүнө кол салганга барабар болот. Муну Иран жакшы түшүнөт”, - дейт.

2001-жылдагы 11-сенятбря окуясынан кийин Кыргызстандын аймагында антитеррордук күчтөрдүн базасы ачылган. Бул Кыргызстанда көбүрөөк америка базасы катары таанымал. Америка өкмөтү бул база аркылуу Ооганстандагы антитеррордук операцияларга чоң көмөк көрсөтүлөөрүн айтып келет.

Бирок кыргыз коомчулугунда база экологияга, мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч келтирүүдө деп, аны жабуу талаптары такай коюлуп келет.

2009-жылы кыргыз өкмөтү америка базасын жабуу боюнча кабыл алып, бирок кийинчерээк америкалыктар Кыргызстандагы аскердик жайгашуусун “транзиттик борбор” деген аталыш менен сактап калган.