Кумтөрдүн кунун кууган мамлекеттик комиссия ишин баштады
Кыргызстанда Кумтөр алтын кенин иштетип жаткан канадалык компаниянын ишин текшерүү боюнча мамлекеттик комиссия ишин баштады. Комиссия 1-октябрда парламентке отчет берүүгө тийиш. Мындан мурда Жогорку Кеңештин комиссиясы чет элдик компания коррупциялык схемалар менен иштеп, экологиялык жана экономикалык зыян апкелип жатканын билдирген болчу. Бирок парламенттик комиссиянын отчету объективдүү болбой калат деп мамлекеттик комиссия түзүлгөн.
Кумтөр компаниясынын ишин текшерүү үчүн түзүлгөн комиссия бүгүн биринчи жыйынына чогулду. Мамлекеттик комиссиянын курамында бир катар министрликтердин жетекчилери, Жогорку Кеңештин депутаттары жана ишкер чөйрөнүн, илимдин жана жарандык коомдун өкүлдөрү кирген.
Экономика жана антимонополия министри Т. Сариев мамлекеттик комиссия коомчулук үчүн ишин ачык алып бара турганын, экинчиден эч кимдин кызматына жана мансабына карабастан туруп бардык мыйзам бузууларды алып чыгууга тийиш экенин билдирди.
“Мамлекеттик комиссия ачык-айкын иштейт жана эч кимдин тилине кирбейт. Буга чейинки болгон материалдардын баарын кыска убакытта корутундулап чыкканга аракет кылабыз. Талаш маселелер боюнча эл аралык эксперттерди чакырабыз”-деди Темир Сариев.
Кумтөр алтын кениндеги чыныгы абал жөнүндө чыныгы маалыматты мамлекеттик комиссия элге, мамлекетке жеткиргенге жарайбы же жокпу деген ишенбөөчүлүк маанай эл ичинде бар экенин айта кетүү керек. Анткени буга чейин Кумтөрдү далай комиссия текшерип, натыйжада оозу басылып отуруп калган учурлар көп болгон. Ошондой ишенбөөчүлүк мамлекеттик комиссиянын өзүнүн эле ичинен чыгууда. Бүгүнкү жыйында депутат Карганбек Самаков мамлекеттик комиссия максатына жетеринен шек санарын ачык айтты.
"Элдин баары отпускада, депутаттар каникулда экенде эмне үчүн шашып-бушуп, он күндүн ичинде ары-бери карай коелу деп атканында бир күмөнүм бар. Экинчиси, депутаттардын үчтөн бири өкмөткө ишеним көргөзбөө боюнча кол коюп бердик. Бул комиссияда өкмөт мүчөлөру да мүчө болуп турат. Эртең ким кепилдик бере алат ушул өкмөт мүчөлөрү ордунда каларына. Ошондуктан бул ишти сентябрга жылдырууну сунуштадым",-деди Карганбек Самаков.

Кумтөр маселесин иликтеген парламенттик комиссиянын жетекчиси Садыр Жапаров "Центерра голд" компаниясы менен келишимди токтотуп, Кумтөр алтын кенин иштетүүнү мамлекеттик компанияга тапшыруу жөнүндө радикалдуу сунуш кылган, бирок көпчүлүк депутаттар колдошкон эмес.
Кумтөр компаниясынын жетекчилиги өз кезегинде кен казуу ишин бардык мыйзамдардын талабына сактоо менен жүргүзүп жатканын, депутаттык комиссия негизсиз жаманатты кылып жатканын белгилеп, эгерде Кыргыз өкмөтү келишимде каралган кепилдиктерди бузса эл аралык арбитраждык сотто жооп берет деп эскерткен. Өткөн жумада Кумтөр алтын кенине премьер-министр Өмүрбек Бабанов өзү барып келди. Премьер-министр Кумтөр маселесинде кызуу кандуулукка алдырбай, экологиялык жана экономикалык зыянды так аныктап алып, ошого жараша чара көрүүгө чакырууда.
Кыргыз өкмөтү "Центерра голд" компаниясындагы Директорлор Кеңешиндеги үч мүчөсүн бошотуп, алардын ордуна жаңы талапкерлер үчүн конкурс жарыялады. Мурдакы мүчөлөргө Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстандын кызыкчылыгына жакшы иштебей койду деген доомат коюшкан эле.





























